2026-жылдын 19-февралында биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев өнөктөш жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага учурда КУУда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып жатышкан Коркыт-ата атындагы Кызылордо университетинин, Ош мамлекеттик университетиин, М.М.Адышев атындагы Ош мамлекеттик технологиялык университетинин, КУУнун Баткен кампусунун жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышты.

Жолугушуунун негизги темасы катары академиялык мобилдүүлүк маселеси кеңири талкууланды. Биринчи проректор бул багыт заманбап жогорку билим берүүнүн стратегиялык артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Өз сөзүндө А.Б. Шамшиев:  «Академиялык мобилдүүлүк студенттерге башка билим берүү системаларын таанып-билүүгө, тажрыйба алмашууга жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп калыптанууга шарт түзөт. Бул процесс студенттин кесиптик өсүүсүнө түздөн-түз таасир этет», — деп баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө о.э. академиялык мобилдүүлүк, билим берүү экспорту жана тармактык магистратура боюнча бөлүмдүн башчысы Саадат Шерматова да сөз сүйлөдү. Ал академиялык мобилдүүлүк программалары студенттер үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берерин белгилеп өттү.

«Бүгүнкү күндө академиялык мобилдүүлүк — бул студенттин жеке билим траекториясын түзүүгө мүмкүндүк берген натыйжалуу инструмент. Ал студенттерге чет өлкөлүк жана өнөктөш университеттерде билим алып, жаңы компетенцияларды өздөштүрүүгө, ошондой эле келечектеги кесиптик жолун так аныктоого жардам берет», — деп белгиледи Шерматова С.Н.

Жолугушуу студенттер үчүн пайдалуу маалыматтарга бай болуп, академиялык мобилдүүлүк программаларына кызыгууну арттырып, университеттер аралык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

(С) Шерматова С.Н. — академиялык мобилдүүлүк, билим берүү экспорту жана тармактык магистратура боюнча бөлүмдүн башчысы

Добавить комментарий