2026-жылдын 19-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Азербайжан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик агенттигинин эл аралык кызматташтык департаментинин директору Муждат Гасанов менен жолугушту.

Жолугушууда QS эл аралык рейтинг системасынын алкагында университеттер аралык кызматташууну кеңейтүү, академиялык байланыштарды өнүктүрүү жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптар билим берүү жана илим тармагындагы биргелешкен демилгелерди алдыга жылдырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушууга о.э. КУУнун делегациясынын мүчөсү, Экономиканын жогорку мектебии директору Нуриза Мусаева катышты.

Добавить комментарий