2026-жылдын 19-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 21-февралда белгиленүүчү Эне тилдин эл аралык күнүнө карата “Эне тил – улуттун дили” фестивалы өткөрүлдү.
Иш-чарага илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, институт директорлору, факультет декандары, окутуучу-профессорлор курамы жана студенттер катышты.
Фестивалды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев куттуктоо сөзү менен ачып, эне тилди сактоо жана өнүктүрүү — улуттук баалуулуктардын негизги тиреги экенин, тил маданиятын даңазалаган мындай иш-чаралар жаштардын руханий өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгилеп өттү.
Фестивалдын жүрүшүндө факультеттер жана институттардын командалары ар түрдүү тилдерди жана маданияттарды даңазалаган номерлер көрсөтүп, улуттук ыр, көркөм окуу, улуттук билерди тартуулап, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Атап айтсак, Кыргыз филологиясы факультети түрк тилдерин, анын ичинде кыргыз, түрк, казак, азербайжан, өзбек, түркмөн тилдерин даңазаласа, Орус жана славян филологиясы факультети чех, польша жана орус тилдерин таанытты; Кыргыз-кытай институту кытай тилинин маданиятын көрсөтүп, Чет тилдер институту англис, немис, корей жана француз тилдеринде чыгармаларды сунуштады. Ал эми Кыргыз-япон институту япон тили менен маданиятын көрүүчүлөргө тартуулап, барабанчылардын номери менен жыйынтыкташты.
Эскерте кетсек, ушу тапта Улуттук университетте жогоруда аталган тилдерде адистер даярдалып келет, ошондой эле чет жерден КУУга келип иштеп жаткан окутучуулар да бар.
Фестиваль эне тилге болгон урмат-сыйды арттырып, көп тилдүүлүктүн маданий баалуулугун көрсөтүү менен жогорку деңгээлде өтүп, соңунда катышуучуларга ыраазычылык кат тапшырылды.
(С) Д.Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы








































