2023-жылдын 31-октябрь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов менен “Anglia examinations” (АЕ) билим берүү мекемесинин директору Тилек Үркүнчиев Ж.Баласагын атындагы КУУ менен “Anglia examinations” билим берүү мекемесинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшту.
Документте АЕнин англис тилин окутуу боюнча инновациялык методикасын Улуттук университетке киргизүү боюнча ар тараптуу жана натыйжалуу кызматташууну уюштуруу, англис тили боюнча экзамендерди тапшыруу жана эл аралык AE сертификатын алуу үчүн университеттин тестирлөө борборун түзүү, англис тили боюнча сабак берген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча эл аралык борбор түзүү ж.б. каралган.