2023-жылдын 2-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультети тарабынан «Жусуп Баласагын бабабыздын мурастары» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү.

Иш чарага төмөнкү жогорку окуу жайлар катышты:

1. Кыргыз-түрк “Манас” университети

2. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

3. Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту( ИСИТО)

4. Эл аралык Кувейт университети

5. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети

6. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

7. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

8. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети

9. Талас мамлекеттик университети.

80дей баяндама программага кирип, ар бир окуу жайдын студенттери секциялык иштерге активдүү катышты.

Конференциянын негизги бөлүмүндө илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев менен мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан студенттерди куттуктап, секциялык  иштердин ийгиликтүү өтүүсүн белгилеп өтүштү.

Андан кийин, иш чара төмөндөгүдөй 5-секцияда уланды:

  1. Жусуп Баласагындын  дастанынын тилдик өзгөчөлүктөрү
  2. Түрк элдеринин адабият таануу илиминде таанылышы, изилдениши
  3. Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастанынындагы маселелер жана анын бүгүнкү күндө актуалдуулугу
  4. Жусуп Баласагындын мурастары: тарых, мезгил, сабак
  5. Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастаны жана анын түрк тилдериндеги котормолору. 

Ар бир секциялык иш чара өз багытында өттү.

Секциялык иштердин модераторлору:  

  • Кыргыз тил илими кафедрасынын улук окутуучулары: Бекназарова Буркия, Балбак кызы Лариса, Актилек Солтоноев;
  • Кыргызча эмес билим берүү мекемелериндеги кафедрасынын доценттери:  Г.Абдыкадырова, А.Бешкемпирова, Наргүл Осмонова;
  • К.Карасаев атындагы БМУнун улук окутуучулары: Уркунчиева Гүлсайра, Алтымышова Жаркын;
  • И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун доценти Исмаилова Гүлбарчын.

Жыйынтыгында 1,2,3 – даражадагы дипломго төмөнкү студенттер ээ болду:

  1. секция:

1-даражадагы диплом: Асекова Жылдыз,  Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети. 5-курс.

2-даражадагы диплом: Кошоева Нуриза, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети.  

2-даражадагы диплом: Илясова Нурилла, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети.

3-даражадагы диплом: Жумабек кызы Сүйүмкан, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети

3-даражадагы диплом: Расулова Нагима, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети. 5-курс

2-секция:

1-даражалуу диплом: Момбекова Ширин Максатовна, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети. Кыргыз филологиясы факультети. 3-курс.

1-даражалуу диплом: Жакыпбаева Адинай Дамировна,  Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети. 1-курс

2-даражалуу диплом: Акимова Амина Сталбековна, Кыргыз -Түрк “Манас” университети. Гуманитардык факультет. Синхрондук котормо бөлүмү. 2-курс

2-даражалуу диплом: Калыбек кызы Нураида, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ИСИТО). Лингвистика факультети.

3-даражалуу диплом: Искендер кызы Айкөл, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ИСИТО). Лингвистика факультети 2-курс.

3-секция:

  1. даражалуу диплом: Курманбекова Асел, К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинин кыргыз-кытай факультети. 3-курс.

2-даражалуу диплом:  Нурмухамед кызы Даткагүл, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети. Кыргыз филологиясы факультети. 3-курс.

3-даражалуу диплом: Бейкутова Айзат Бейкутовна, К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик Университетинин кыргыз-кытай факультети. 2-курсу.

4-секция:

1-даражалуу диплом: Сабырбекова Нуркыз, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети.

2-даражалуу диплом: Мурсабекова Наргиза, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети. 1-курс.

2-даражалуу диплом: Асанова Мунара, Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту. 3- курс.

3-даражалуу диплом: Бектурсун уулу Өмүр, Эл аралык Кувейт университети. Лингивистика факультети (котормо жана котормо таануу) 2-курс

3-даражалуу диплом: Чопиева Изат, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети. Эл аралык туризм. 3-курс

3-даражалуу диплом: Мажикова Сезим, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети. 5-курс

5-секция:

1-даражалуу диплом: Маматшакир кызы Канзада, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети. 3-курс.

2-даражалуу орун: Аматова Фатима, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети. Тарых- филология факультети. 3- курс(онлайн)

3-даражалуу диплом:Муратбекова Айкерим, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети. Кыргыз филологиясы факультети. 3-курс.

(С) Назгуль Турдубаева — илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий