2023-жылдын 31-октябрында 5-окуу имаратындагы Манас өргөсүндө “Жаш толкундар” адабий ийрими тарабынан уюштурулган белгилүү адабиятчы, педагогика илимдеринин доктору, сынчы жана парапсихолог Болотбек Макенович Акматовдун 60 жылдыгына арналган “Ийне менен кудук казган өмүр” аттуу адабий-эскерүү кечеси болуп өттү.

Иш чараны КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, куттуктоо сөзүн айтты. Ал факультеттин жамаатына ынтымак жана иштерине ийгилик каалап, окуу жайдын макамын көтөрүүгө салым кошууларын өтүндү. Төлөбек Абдырахманов кыргыз филологиясы факультети – куттуу жер экенин, бул жерден аттуу-баштуу инсандар окуп чыккандыгын, алардын бири – Болот Акматов экенин айтып, аны жылуу пикирде эскерди.

Эскерүү сөздөрүн сүйлөгөн илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, “Кыргыз адабияты” кафедрасынын башчысы Курманбек Абакиров, ушул эле кафедранын доценти Бакыт Баймырзаев, манасчы Рыспай Исаков, о.э. агайдын шакирттери Улан Турдалиев менен Каныбек Кенжешев – баары бир ооздон Болотбек Акматовдун таланттуу, чыгармачыл, адамдык бийик сапаттарга ээ инсан болгонун айтышты.

Андан кийин “Жаш толкундар” адабий ийриминин мүчөлөрү Болот Акматовдун калемине таандык ырлардан көркөм окушту.

Иш-чара жыйынтыкталарда Болот Акматовдун жубайы, педогогика илимдеринин доктору, профессор Айгүл Мукамбетова сүйлөп, жолдошунун атындагы класстын ачылышына колдоо көрсөткөнү үчүн ректор Төлөбек Абдырахмановго ыраазычылыгын билдирди жана жолдошунун калемине таандык китептерди факультеттин деканына  өткөрүп берди.

Жыйын аяктаган соң, 5-окуу имаратынын 320-аудиториясында “Манас таануу жана дүйнөлүк адабият” кафедрасынын аракети жана Болотбек Акматовдун үй-бүлөсүнүн жеке каражаты менен жасалган “Педогогика илимдеринин доктору, профессор Б.М.Акматов атындагы адабий-санариптик лабораториянын” ачылыш аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди.

Жаңы лаборатория студенттерге лекциялык жана практикалык сабактарды заманбап технологиялардын жардамы менен өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Агайдын үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык!

Добавить комментарий