2026-жылдын 10-январында КУУнун чоң жыйындар залында «Улут деми жана улуттук баалуулуктарды сактоодогу адамзаттын ролу» аттуу конференция болуп  өттү.

Иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, аймактык маселелелер боюнча проректор Кундузгүл Базакеева, коомдук ишмер, журналист, акын-публицист Дүйшөк Мамбетөмүров, Улуттук «Манас» театрынын мүдүрү Нурбек Талантбеков жана төкмө акын Акматбек Султан уулу катышты.

Конференциянын жүрүшүндө проректор Назаркул Ишекеев кенен баяндама жасап, улуттук баалуулуктарды сактоодогу жаштардын  ролуна  өзгөчө токтоло кетти. Оболу улуттук иденттүүлүктүн башаты болгон эне тил терең колдоого алынып, азыркы санариптештирүү мезгилинде улуттук долбоорлор жаштар тарабынан көп жасалышы зарыл экенин билдирди.

Журналист Дүйшөк Мамбетөмүров уңгужолду татаалдатуунун кажети жок, аны жөнөкөйлөтүп айтканда «Эртең ким болобуз?» деген сөздү түшүндүрөрүн баса белгиледи. Ал эми дүйнөлүк бийиктикке умтулуу бул — глобалдашуу, ар кыл багыттарда күчтүү кадрлардын чыгышы, илимдүү-билимдүү муундуу тарбиялоо экенин кошумчалай кетти.  

Мындан тышкары Нурбек Талантбеков «Манас» эпосундагы эң жакшы котормосу бар сөздөрдүн маанисин, эпостон административдик башкаруудан тартып, медицина, ал тургай билим берүүгө чейин тапса болоорун мисалдап түшүндүрүп берди. Ал эми төкмө акын Акмабек Султан уулу көпчүлүккө таанымал «Биз» аттуу чыгармасын аткарып, катышуучулардын патриоттук сезимин  ойготту.

Иш-чара руханий баалуулуктарды, маданий өзгөчөлүктөрүн сактоону илимий негизде талдоо үчүн баяндамалар менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, конференция «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында  кесиптик колледж тарабынан уюштурулду. Аталган колледжин директору Бектен Саадабек уулу  уңгужолду улаган бир катар  ачык сабактар, иш-чаралар өткөрүлүп келгенин бүгүнкү жыйында билдирди.

Добавить комментарий