2026-жылдын 5-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) жигиттери менен Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) кыздары ортосунда Сармерден таймашы болду.

Иш-чара КУУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти менен БМУнун Жаштар менен иштөө бөлүмү тарабынан биргеликте уюштурулду.

Оюндун башында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев сөз сүйлөп, жогорку окуу жайында билим алуу мезгили — бул жөн гана кесипке ээ болуу мезгили эмес, бул улуттук аң-сезимди, жарандык жоопкерчиликти жана руханий баалуулуктарды калыптандыруу мезгили экенин, студенттер Улуттук дем — Уңгу жолду улап, тарыхыбызды жана маданиятыбызды терең урматтоого милдеттүү экенин белгилеп, аларды билим алууда активдүү болууга, илим-изилдөөгө умтулууга, университеттердин ортосундагы ынтымак менен кызматташтыкты бекемдөөчү бүгүнкүдөй биргелешкен иш-чараларга катышууга чакырып кетти.

Таймаштын калыстар тобуна Кыргыз улуттук Манас театрынын манасчысы Төлөбек Муса уулу, ушул эле театрдын дастанчы, комузчусу Улукбек Токтоболот уулу жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук ансамблинин мүчөсү Айнура Бердигулова кирди.

Эки жарым саатан ашык убакытка созулган оюндун жүрүшүндө КУУнун жигиттери менен БМУнун кыздары Манас, жаңылмач, акыйнек, макал-лакаптарды айтышып, обондуу ырларды аткарышып, табышмактарды табышып, жана башка өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жигиттери жеңишке жетишип, катышуучулар ректордун ыраазычылык каты менен сыйланышты.

Добавить комментарий