2026-жылдын 5-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) Кыргыз-Япон адамдык өнүгүү борбору (KRJC) менен биргеликте уюштурган «Venture Quest» стартап-фестивалы өзүнүн соңку этабына жетти. Иш-чаранын алкагында студенттер бизнес-идеяларды жаратуу жана пландаштыруу боюнча интенсивдүү окуудан өтүшүп, өздөрүнүн инновациялык бизнес-пландарын сунушташты.

Үч баскычтуу окуу семинарларынын жыйынтыгында эң мыкты деп табылган командаларга сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз-Япон адамдык өнүгүү борборунун (KRJC) кыргыз тараптан содиректору Алмазбек Азимов жана КУУнун инвестициялар боюнча проректору Гулбара Бектурганова жеңүүчүлөргө сертификаттарды тапшырышты.

Калыстар тобунун чечими менен төмөнкү командалар финалга чыгып, «Бизнес Старт» профессионалдык окуу курсуна акысыз катышуу укугуна ээ болушту:

  • SunnyTeam
  • AI–Studio Kyrgyzstan
  • Эко күч
  • CareLink KG (Карылар үчүн шашылыш жардам көрсөтүүчү акылдуу билерик долбоору менен).

Алмазбек Азимов өз сөзүндө жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо эки өлкөнүн кызматташтыгындагы маанилүү багыт экенин белгилесе, проректор Гулбара Сыдыкова бул бизнес-пландар университеттин долбоордук портфелин калыптандырууга жана студенттердин потенциалын реалдуу сектордо ишке ашырууга негиз болорун кошумчалады.

Эскерте кетсек, катышуучулар «Генерация бизнес-идеи» жана «Бизнес-планирование» темаларында тереңдетилген билим алышкан. Бул иш-чара студенттердин арасында ишкердик чөйрөнү жандандыруу жана заманбап стартаптарды колдоо максатын көздөйт.

(С) Мелис кызы Аяна — маркетинг боюнча башкы адис

Добавить комментарий