2026-жылдын 4-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев “Ден соолук” спартакиадасында волейбол боюнча 3-орунду ээлеген КУУнун эркектер командасынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Команда мүчөлөрү ректорго команданын оюнчусу катары спартакиадынын уюштуруучусу, Дене тарбия жана спорт агенттигинин «Жаштык» дирекциясынын диплому менен медалын тапшырып, келерки оюндарда алдыңкы орундарды багындырууга аракет күчүндө экенин билдиришти.

Өз кезегинде Догдурбек Чонтоев команданы жеңиши менен куттуктап, университетте спортко активдүү катышкан командалардын болушу жамаат арасындагы ынтымакты бекемдээрин айтып, 3-орун дагы татыктуу орун экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, «Ден соолук» спартакиадасы “Жаштык” дирекциясы тарабынан 2026-жылдын 26–28-январь күндөрү өткөрүлгөн. КУУнун командасы 45 жаштан жогору курактагы университеттин ар кандай түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенген тажрыйбалуу кызматкерлерден түзүлгөн. 

Добавить комментарий