2026-жылдын 4-февралында Улуттук  университетте «Кыргызстан жана Сталинград: Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү тарыхый эстутумду келечек муундарга сактоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Сталинград салгылашуусунун жеңиштүү аяктаганынын 83 жылдыгына карата КУУнун Журналистика жана коммуникация институту, Орусиянын «Эсимде» жана «Жеңиш монументтери» долбоорлору тарабынан  уюштурулган иш-чара тарыхый эстутум фотокөргөзмөсүнүн ачылышы менен башталып,  катышуучуларга Сталинград салгылашы Улуу Ата Мекендик согуштун чечүүчү салгылаштарынын бири болуп, ал «түпкү бурулуштун» башталышына жана стратегиялык демилгенин СССРге өтүшүнө жол ачканы айтылды. Мындан тышкары, көргөзмөдө Сталинграддагы кыргыздардын эрдиктери,  баатырлардын маектери, фронттогу эскерүүлөр жана элдин маанайын көтөргөн ошол учурдун артисттеринин сүрөттөрү коюлган.

Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев жана келген коноктор «Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый мейкиндиги» деп аталган №316 аудиториянын ачылышына катышты. Бул аудитория баалуу китептерге толуп, Улуу жеңиш бир гана согуш талаасындагы эрдиктер менен чектелбегенин, аны жакындатууда жазуучулар менен журналисттердин эмгектери да зор экенин даңазалаган стенддер менен жабдылган.  Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк аудитория мындан ары көптөгөн баалуу материалдарга толтурулуп, студенттер үчүн керектүү маалыматтарды бере турган жабдуулар менен алмаштырылып тураарын кошумчалады.

Башкы имараттагы чоң жыйындар залында болуп өткөн «Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү тарыхый эстутумду келечек муундарга сактоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга Кыргызстандын, Россиянын, жакынкы чет өлкөлөрдүн алдыңкы тарыхчылары жана эксперттери, о.э. окутуучулар менен студенттер катышты. Жыйында журналистика менен кинонун Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү тарыхый эстутумду келечек муундарга сактоодогу ролу, согуштун даректүү жана көркөм фильмдерде, ар кандай элдердин адабиятында чагылдырылышы, муундар  байланышы — жаштарга согуш жөнүндө кантип айтуу керек, дегеле тарыхый эс тутумду сактоодогу коомдук долбоорлордун жана жарандык демилгелердин ролу жана келечеги тууралуу сөз болду.

Конференциянын соңунда Сталинграддагы согуш тууралуу эксклюзивдүү тасма көрсөтүлүп, ал тууралуу фильмдин консультанты Артем Драбкин баяндап берди.

Аталган иш-чараларга Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова, Россотрудничествонун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зулкарнеев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов, Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Виталий Семашко, «Жеңиш монументтери» эл аралык коомдук уюмунун өкүлү Илья Левитан, Кыргыз Эл жазуучусу Абдиламит Матисаков ж.б. катышты.

Добавить комментарий