2026-жылдын 12-январь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Кытай коомдук илимдер академиясынын эл аралык кызматташтык кеңсесинин директорунун орун басары Ли Ян айым жетектеген делегацияны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук университетте «Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Китептеринин үйүн» ачуу, Кытай коомдук илимдер академиясынын президентинин 2025-жылдын 28-январында Кыргыз улуттук университетине боло турган иш сапарын уюштуруу жана аталган сапардын алкагында эл аралык илимий конференция өткөрүү маселелери талкууланды. Кыргыз-кытай илимий жана билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү, академиялык алмашууну кеңейтүү жана биргелешкен изилдөө жана эксперттик долбоорлорду ишке ашыруу келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарага о.э. Кытай коомдук илимдер академиясынын өкүлдөрү, КУУнун инвестициялар боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова жана Кыргыз-кытай изилдөө институтунун директору Софья Апаева катышты.
Жолугушуудан кийин кытай делегациясынын мүчөлөрү Кыргыз-кытай изилдөө институтуна барып, ал жердеги дарсканалар, китепкана жана кытай маданияты борбору менен таанышты