2025-жылдын 26-декабрында Улуттук университеттин ардактуу окутуучусу, экономика илимдеринин доктору, профессор Айсалкын Асанова эскерилди. Профессордун көзү тирүү болгондо бүгүн 80 жашка чыкмак.
Иш-чарага биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, профессордун жакын туугандары, шакирттери жана Менеджмент жана бизнес институтунун жамааты катышты.
Биринчи проректор Алайбек Шамшиев Айсалкын Асанова белгилүү окумуштуу гана эмес, көптөгөн жаш таланттуу окумуштууларды, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерди жана жетекчилерди тарбиялап өстүргөн талыкпаган педагог жана жетекчи болгонун билдирип, Улуттук университетте дээрлик 50 жыл өмүрүн арнап иштеп, жөнөкөй түзүмдөн азыркы Менеджмент жана бизнес институтун калыптындырганын баса белгилеп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Илимге арналган өмүр» аттуу тасма көрсөтүлүп, Айсалкын Асанованын бир тууган сиңдиси, Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын ректору, психология илимдеринин доктору, профессор Чынара Шакеевага «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы тапшырылды.
Айсалкын Асанованын экономика илимине жана Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүүсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымын жана жеке адамдык мыкты сапаттарын замандаштары, жакындары, шакирттери, бирге иштешкен кесиптештери эскерип, студенттер, жаш окутуучулар анын ишмердүүлүгүн билиши абзел экендигин кошумчалашты. Илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу Айсалкын Асанованын КУУда алгачкылардан болуп логистика багытын киргизген демилгечи болгонун баса белгилей кетти.
Эскерүү жолугушууда азыркы билим берүүдөгү профессордун илимий идеялары тууралуу баяндамалар жасалып, концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Эскерте кетсек, 2023-жылы окумуштуулар кеңеши КУУнун Менеджмент жана бизнес институтуна Айсалкын Асанованын ысымын ыйгаруу тууралуу демилгени колдоп, ишке ашкан.





























