2025-жылдын 26-декабрында башкы имараттын фойесинде студенттер үчүн «Ректордун жаңы жылдык балатысы» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Салтанаттуу кечени мамлекетик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, студенттерге ийгиликтерди каалап, келечекте чон жетишкендиктерге жетүүнү тилек кылды жана активдүү студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттарын тапшырды.
Майрамдык кечеде студенттер үчүн кызыктуу оюндар, жарыштар жана музыкалык көрсөтүүлөр өткөрүлүп, иш-чаранын көркүн ачып, кооздугун жогорулаткан Аяз Ата жана Аяз Кыз өздөрүнүн белек-бекчектерин беришти.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган иш-чара жогорку денгээлде уюштурулуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды. Кеченин соңунда майрамдык дискотека өткөрүлүп, студенттердин 2025-жылдагы эң жакшы эскерүүлөрүнүн бири болду.
(С) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы
Ал эми 27-декабрь күнү «Ректордун Жаңы жылдык балатысы” КУУнун кызматкерлеринин кичинекей балдары үчүн өткөрүлдү. Иш-чара шаңдуу музыка, кызыктуу оюн-зооктор жана жомоктогудай каармандардын катышуусу менен коштолду. Балдар Аяз ата жана Аяз кыз менен жолугуп, ырдап-бийлеп, ар кандай оюндарга активдүү катышышты. Майрамдык кеченин жүрүшүндө кичинекей конокторго таттуулар жана белектер тапшырылып, алардын жүздөрүнөн кубаныч менен жылмаюу кетпеди.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган бул майрам балдар үчүн унутулгус таасир калтырып, ата-энелерге да жакшы маанай тартуулады. Иш чаранын соңунда ата-энелер уюштуруу тобуна ыраазычылыктарын билдиришти.
(С) Абдыбекова Айжан-Жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы






















































