2025-жылдын 17-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунда Кыргыз эл жазуучусу, профессор Абдиламит Мурзаевич Матисаков атындагы аудитория ачылды.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, көрүнүктүү врач-нейрохирург, Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана башка коомдук, саясий ишмерлер катышты.
Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк аталган кабинет институттун демилгеси, Окумуштуулар кеңешинин жана ректор Догдурбек Чонтоевдин колдоосу менен ачылып жатканын айтып, бул жерде студенттердин чыгармачылыгын арттыруу максатында «Матисаков мектеби» жайгашып, чакан тайпаларга сабактар өтүлөөрүн белгиледи.
Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз эл жазуучусу, профессор Абдиламит Матисаков менен мамлекеттик жана коомдук ишмер, «Ноокат» коомунун төрагасы Алтынбек Сулаймановго «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалын тапшырган соң, салатанаттын катышуучулары кабинеттин акжолтой болушун каалап, куттуктоолорун айтышты.