2025-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Акматов Алмазбек Шаршембиевич Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине «Мамлекеттик финансылык көзөмөл — Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги куралы» деген темада конок лекция окуду.

Жолугушууну ачып жатып КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев глобалдык жана регионалдык туруксуздук шарттарында мамлекеттик финансылык көзөмөл өзгөчө мааниге ээ болоорун жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бюджеттик каражаттардын ачык-айкын, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылган жогорку көзөмөл органы экенин баса белгиледи.

Лекциянын негизги бөлүгүндө Алмазбек Акматов мамлекеттик финансылык көзөмөл системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарына, эл аралык стандарттарды киргизүү, тобокелдикке негизделген ыкмаларды колдонуу жана финансылык мыйзам бузууларды алдын алуу маселелерине токтолуп, андан ары Эсептөө палатасынын финансылык тартипти чыңдоодогу, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоодогу жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодогу ролу тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору» наамынын дипломун салтанаттуу түрдө тапшырып, «Бул сыйлык Алмазбек Шаршембиевичтин илим менен билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымынын таанылышы болуп саналат», — деди.

Лекциянын соңунда Алмазбек Акматовго көптөгөн суроолор берилип, катышуучулар мамлекеттик каржыларды башкаруу чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктарды, финансылык көзөмөлдү өнүктүрүүнүн келечегин жана мамлекеттик институттар менен илимий-билим берүү чөйрөсүнүн өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындай конок лекцияларын өткөрүү теория менен практиканын байланышын чыңдоого, студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө жана негизги мамлекеттик институттар менен академиялык диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Добавить комментарий