2025-жылдын 17-декабрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өлкө жогорку окуу жайларынын ректорлорунун «Уңгужол улуттук идеясын ишке ашырууда жогорку билим берүүнүн ролу» аталышындагы улуттук форуму болуп өттү. Иш-чарага Жогорку окуу жайлар ассоциациянын курамына кирген 33 ЖОЖдун жетекчилери катышып, бирдиктүү максаттарды сунуштап, талкулашты.

Жыйынды аталган Ассоциациянын төрагасы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кириш сөз менен ачып, «Уңгүжол» улуттук идеясын ишке ашырууда университеттер өзгөчө миссияны — өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын калыптандыруу, жогорку билимдин булагы болуп, мамлекеттин өнүгүүсүнүн стратегиялык инструменти кызматын аткараарын белгиледи жана «Уңгужол» улуттук идеясын ишке ашыруудагы университеттердин миссиясы, приоритеттери жана аларды күтүп турган чакырыктар тууралуу сөз кылып,

2030-жылга чейинки миссия — улуттук идея Уңгужолду ишке ашырууга жөндөмдүү илимий-билим берүү жана тарбия борборлоруна айлануу. Университеттер: мамлекеттин стратегиялык өнөктөшү болуп, кадрларды, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүгө салым кошууга; жарандык жоопкерчиликтүү, компетенттүү жана стратегиялык ой жүгүрткөн лидерлерди тарбиялоого; улуттук илимий-билим берүү инфраструктурасын түзүүгө; эл аралык интеграцияны күчөтүп, глобалдык академиялык аянтта Кыргызстандын аброюн жогорулатууга тийиш. Регулярдуу форумдар, стратегиялык сессиялар жана илимий иш-чаралар Ассоциацияны жогорку билим берүү системасын модернизациялоонун башкы драйверине айландырат. Өлкө университеттеринин QS рейтингдерине кирүүсүн кеңейтүү — 2030-жылга чейинки өзүнчө артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

— деди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кыргызстандын “Уңгуҗол” улуттук идеясы – бул абстракттуу түшүнүк эмес, биринчи иретте жарандарыбыздын, коомдук уюмдардын жана мамлекеттик институттардын күчүн идеологиялык бир багытка буруу, системалаштыруу экендигин баса белгиледи. Аны менен катар ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине  улуттук идеяны таратуу, жайылтууда базалык окуу жай катары өзгөчө вазийпаны аткарууну тапшырды. Улутттук университет тууралуу Арслан Койчиев

КУУ адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий элитасын калыптандырышы шарт. Жогорку окуу жайлардын ассоциациясын жетектеген университет катары Улуттук университетке: улуттук идеяны ишке ашырууда жогорку окуу жайлар арасында демилгелерди координациялоо; илимий-методикалык программаларды жана окуу материалдарын иштеп чыгуу; изилдөө платформаларын жана междисциплинардык лабораторияларды түзүү; улуттук форумдарды, конференцияларды жана талкуу аянтчаларын уюштуруу милдеттендирилет.

— деди.

Форумдун жүрүшүндө Илим, жогорку билим берүү, инновациялар министринин орун басары Нурлан Омуров билим берүүдөгү реформаларды илгерилетүүдөгү жогорку окуу жайлар ассоциациясынын ролу тууралуу айтып, кызматташуунун жол картасын түзүүнү, министрлик менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүүнү жана пилоттук долбоорлорду баштоону сунуштады.

Жыйында “Уңгужол” улуттук идеясын ишке ашыруу боюнча өздөрү жетектеген окуу жайларда аткарылып жаткан иштер тууралуу К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиев, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев баяндама жасашты.

Баяндамалар талкуланып, форумдун резолюциясы кабыл алынган соң, жогорку окуу жайлардын жетекчилери «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Добавить комментарий