2025-жылдын  2-декабрында Жусуп Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барды.

Отурумда “Ж.Баласагын атындагы КУУнун билим берүү чөйрөсүнүн санариптештирүүнүн абалы жана өнүгүү планы”, “КУУга 2025-2026-окуу жылындагы кабыл алуунун жыйынтыгы” жана “Жайкы сессиянын жана 2025-жылдагы Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын иш жыйынтыктары” тууралуу маселелер каралып, алар боюнча Маалыматтык технологиялар борборунун директору Улан Мусаев, Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, Дипломдорду даярдоо жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны уюштурууу бөлүмүнүн башчысы Тамара Алмерекова менен Окуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кыдыралиев баяндамаларды жасашты.

Жооптуу бөлүмдөрдүн жетекчилеринин маалыматтарынан кийин, коюлган маселелер кызуу талкууланып, пикир алмашуулар жүрдү. Ректор баяндамачыларга айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен маалыматтарды Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгуу боюнча тапшырма берди.

Добавить комментарий