2023-жылдын 18-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында факультеттер менен институттардын профессордук-окутуучулук курамына “Scopus, Web of Science, Google Scholar, РИНЦ жана H – индекс илимий цитаталар базалары менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар болуп өттү.
Жыйынды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, төмөндөгүлөргө токтолду:
Өзгөчө макам алган университеттердин арасында биздин университет да бар. Көп параметрлер боюнча Улуттук университет артта турат. Санариптештирүү боюнча жаңы баштап атабыз: атайын проректорду кызматка алдык, ал өзүнүн командасы менен иштеп атат. Азыр эң жакшы нерсе – студенттерди тейлөө борборунун ремонту бүттү, барып көрсөңөр болот. Абдан жакшы оборудование (компьютерлер, оргтехника) алынды, кадрларды даярдадык. Азыр күпүлдөгөн иш башталды. Бул абдан чоң жумуш. Факультет декандары дагы шымаланып иштеш керек бул багытта өзүлөрүнүн кызматкерлери менен. Колдон келсе бир адамды бөлүп эле коюш керек, персонально жооптуу кылып.
Баягыдай, мурдагыдай жашоо болбойт, урматтуу кесиптештер. Эгер ошондой жашоо менен жашайбыз десеңер, анда башка жакка бара бергиле кеч боло электе. Биз эми башкача жашайбыз, башкача иштейбиз, Улуттук университеттин реномесин көтөрөбүз. Ал үчүн шымаланып иштеш керек.
1-октябрдан баштап айлыгыңарды көбөйттүк. Мурдагыдай, бүт университет боюнча 2 же 2,5 миң эмес, азыр структуралар боюнча градацияга кеттик. Жакында электрондук система иштейт. Ал өзү эле чыгарып коёт – кайсы профессор, кайсы доцент кандай иштеп атат. Алардын арасынан да ушундай класификацияга барабыз. Ким каякка, канча макала чыгарды, кыймыл-аракетиңердин баары түшөт. Анан, айлык акы ошого жараша болот. Азыр факультет, институттарга карап бөлдүк. Андан ары дагы дифференциация болот. Ким иштейт – ошол жашайт. Ким эт менен челдин ортосунда жүрөт, анда ал ошондой жашайт. Анан, коркутмай жок, керек болсо айрым проректорлордун, декандардын, кафедра башчыларынын да маселеси бар. Бизге иштеген кишилер керек. Силерди “багыш” үчүн, декандар жакшы иштеш керек. 1-сентябрдан баштап субсчет кирет. Тапкан акчаңар менен жашап каласыңар. Башка жактан акча сурамай жок. Мыкты коллективдер мыкты жашайт, мыкты эместер мыкты эмес жашайт. Ошондо, декан, кафедра башчылары менен отуруп алып сүйлөшөсүңөр, “же иштейбиз, же болбосо жаш, креативдүү, ишти кыла турган кишиге орунду бошотуп бериңиз” деп. Баягыдай бири-бириңердин этегиңерди кармап, “кой бул декан бизге керек, эжем эле, жердешим эле, же болбосо мени жумушка алды эле, же жанга тынч, мага тийишпейт, мени текшербейт, менден талап кылбайт” деген принцип болбош керек. Азыр “иштеш керек” деген принцип болуш керек.
Бизди аябай тынчсыздандырган 2 маселе бар:
Биринчиси – академиялык мобилдүүлүк. Бул – бир күндө эле, дароо эле болбой турган нерсе. Силердин факультетте окуп жаткан студенттердин 5 пайызы чет өлкөдө окуп келиши керек, о.э. силердин студенттердин 5 пайызы сыртан келген студенттер болуш керек. Окутуучулардыкы да ошондой. Баягыдай карап отурбайбыз, азыр конкретный отчет болот. Декан жооп берет, “Мына, 5% студент бул жактан келди, 5% студент тигил жакта окуп атат; 5% биздин окутуучулар тигил жакта лекция окуп атат, 5% окутуучулар сырттан келди” деп.
Экинчиси – илимий-метрикалык көрсөткүчтөр. Бул боюнча да арттабыз. Бир жыл жакшы эле иштедик илимий иштер боюнча проректордун командасы менен, дагы бирөөлөрдүн жардамы менен бирдеме кылып атабыз. Бирок, силер кыймылдамайын, университеттин илимий-метрикалык көрсөткүчү ордунда кала берет. Өткөн жылы мониторинг жасаганда көрдүк – илимдин доктору болгондон бери көп жыл жыл өткөнүнө карабай, эмигече профессор боло элек экен (профессор болуш үчүн 2 кандидат чыгарыш керек). Эмне үчүн декан талап кылбайт андан? Декан талап кылыш керек!
Илимий-метрикалык көрсөткүч – бизди кооптондурган нерсе. Ошол үчүн мен силерден суранат элем – жакшы көңүл буруп, жакшы иштеп бергиле. “Вестник”, газеталарга убактыңарды коротпой эле койгула. Конкретно, SCOPUS, РИНЦ, Web of Science болот. Өткөн заман өттү, урматтуу кесиптештер. Силер кыймылдамайын, университет оңолбойт. Илимий коллаборацияга баргыла. Биз азыр жакшы келишимдерди түздүк Улуттук илимдер академиясынын 3 институту , Казакстан, Россиянын вуздары менен. Маалымат алып, ошолор менен коллаборацияга баргыла. Аларга соавтор болгула. Айтмакчы, SCOPUS-ка макала чыгарсаңар, 50 пайызын университет төлөп берет. Бул тууралуу Окумуштуулар кеңешинде чечим кабыл алганбыз.
Кафедрадагы илим менен алектенген башка келбей калгандарга айтып койгула. Бул иш чара дагы уланат. Ноябрдан баштап башка тренердин лекциялары башталат: кантип жазыш керек, кандай кылыш керек – баарын айтып, түшүндүрүп берет. Силерге каалаарым – жакшы активдүү катышып, бирдемени үйрөнүп алгыла. Анан, азыр формальный эле келсеңер, кийинкиде келбей эле койгула убактыңарды коротуп. Эсенбек мырзага чоң ыраазычылык билдирем, бир топтон бери бизге жакшы жардам берип атат. Баарыңарга ийгилик каалайм.
Андан ары, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев сөз кезегин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимий-метрикалык анализ кафедрасынын башчысы Белек уулу Эсенбекке берди. Ал мугалимдердин илимий-изилдөө көрсөткүчтөрү, илимий макалаларга шилтеме берүү, ошондой эле илимий-метрикалык маалымат базасы менен иштөө сыяктуу бир катар маанилүү маалыматтар менен толук тааныштырып өттү.
Илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмү тарабынан уюштурулган жыйында о.э. КУУнун А.Табалдиев атындагы илимий китепканасынын жетекчиси Үмүт Казначиева IPR SMART боюнча маалымат берди.
Баяндамалар катышуучулардын кызыгуусун туудуруп, жигердүү суроолор талкууланды.