2023-жылдын 19-октябрь күнү Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинде «Славян жана түрк элдеринин биримдиги: тарыхы жана азыркы абалы» аталышындагы III эл аралык форум башталды.
Илимий иш чарага Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Венгрия, Азербайжан, Түркия, Монголия жана Түркмөнстандын 92 университетинен 300гө жакын илимпоз-окумуштуулары катышууда.
Форумда Россия Федерациясынын президенти В.В.Путиндин куттуктоо каты окулду. Анда Евразия аймагында жашаган элдердин салт-санааларын, маданиятын, жашоо-шарттарын изилдөө маанилүү экендиги белгиленип, окумуштуулардын аракеттерине жогору баа берилген.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо катын окуп берди. Анда президент түрк-славян биримдиги – бул кылымдарга созулган түрк жана славян дүйнөсүнүн байланышы, ал дайыма конструктивдүү мазмунга ээ болуп келген деп белгилеп, окумуштуулардын ишине ийгиликтерди каалаган.
Форумдун максаты – орусиялык жана чет элдик окумуштуулардын, тактап айтканда тарыхчылардын, археологдордун, этнографтардын, филолог жана саясатчылардын түрк элдеринин азыркы доордо өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкууга алуу болуп саналат.
Кыргызстандан чакырылган окумуштуулардын жоон тобун профессор Бекбосун Бөрүбашев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун кеңешчиси Канат Садыков жетектеп барып, ага тарых жана чөлкөм таануу, коммуникация жана журналистика институттарынын окумуштуулары жана окутуучулары катышууда. Форумдун алкагында 8 секция иштеп, КУУдан барган изилдөөчү-окумуштуулар илимий докладдарын жасашты.
Алтай мамлекеттик университетинин президенти Сергей Землюковдун айтымында, түрк-славян элдеринин байланышын изилдөөдө кыргызстандык тарыхчылардын салымы зор. Бүгүн алардын эмгектери “Түрк цивилизациясынын летописи” атуу жамааттык илимий монографиясында чагылдырылды.
(С) Ширин Костюк – журналистика жана коммуникация институтунун директору