2025-жылдын 25-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү. Кеңештин күн тартибине төмөндөгү маселер коюлду:

  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2024-2025-окуу жылында аткарылган иштер боюнча ректордун отчету;
  • Окумуштуулар кеңешинин 2025-2026-окуу жылындагы иш мерчемин бекитүү;
  • Ректорат кеңешинин 2025-2026-окуу жылындагы иш мерчемин бекитүү.

Отурум Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен ыйгарылган окумуштуулук даражалардын дипломдору менен окумуштуулук наамдын аттестатын тапшыруу аземи менен башталды. Аталган документтер төмөндөгү окутуучуларга тапшырылды:

  • Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директорунун илим, билим берүү программалары жана санариптештирүү боюнча орун басары Джунушалиева Бурул Алмазбековнага – педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы;
  • Компьютердик технологиялар жанан жасалма интеллект институтунун «Маалыматтык коопсуздук» билим берүү программасынын ага окуутучусу Кожомбердиева Назгуль Бакировнага – педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы;
  • Математика жана информатика институтунун доценти Жороев Автандил Кемеловичке – физика- математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы;
  • Экономиканын жогорку мектебинин «Экономика»  кафедрасынын доценти Темиров Назар Жакшылыковичке – экономиканын доценти окумуштуулук наамы.

Андан соң Догдурбек Чонтоев Кыргыз улуттук университетинин 2024-2025-окуу жылындагы жетишкендиктери тууралуу баяндама жасап, КУУдагы уюштуруучулук реформалар, уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү максатында аткарылган иштер, университеттин түзүмүндөгү өзгөрүүлөр, жаңыдан кабыл алынган КУУнун уставы, өзөктүү жоболор, иштелип чыккан документтер, Улуттук университеттин дүйнөлүк университеттердин QS World University Rankings рейтингине кириши, бакалавриат жана магистратура үчүн иштелип чыккан жаңы программалар, Улуттук аккредитациядан өткөн билим берүү программалары, эки тараптуу окутууну ишке
ашыруу боюнча түзүлгөн келишимдер, институционалдык өнүгүүнү жана сапатты башкарууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн түзүмдөр, “100 жылдыкка – 100 кабинет” долбоорунун алкагында ачылган жаңы кабинтеттер, борборлор жана лабораториялар, университеттеги илим изилдөө иштери, илимий долбоорлор жана аларды каржылоо булактары менен бюджеттери, илимий жана окуу-методикалык эмгектердин саны, 2024-жылдын каржылык жыйынтыгы, бир жылда аткарылган курулуш жана оңдоп-түзөө иштери, сатылып алынган жабдыктар, университет катышкан ассоциациялар жана консорциумдар, эл аралык кызматташтык, абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыгы, о.э. жаңы окуу жылында Улуттук университетке кошулган үч мамлекеттик университет жана ал багыттагы уюштуруу иштеринин жүрүшү тууралуу кенен маалымат берди.

Андан соң, биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев күн тартибиндеги “Окумуштуулар кеңешинин 2025-2026-окуу жылындагы иш мерчемин бекитүү” жана “Ректорат кеңешинин 2025-2026-окуу жылындагы иш мерчемин бекитүү” боюнча билдирүү жасады.

Отурумда каралган маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий