2026-жылдын 31-мартында ректор Догдурбек Чонтоевдин төрагалыгы алдында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйында КУУнун окуу имараттарын жана студенттик жатаканаларын жакшыртуу жөнүндө баяндама жасалып, КУУнун химиялык жана экологиялык коопсуздук боюнча изилдөө жана инновациялар борборунун стратегиялык планы жана чыгымдарынын сметасы, аталган борбордун иш алып баруу процесси тууралуу маалыматтар тааныштырылып, талкууланды.
Мындан тышкары кеңеште жаңы вариантта түзүлгөн «КУУнун Ботаникалык багы жөнүндө жобо», Билим берүү сапатынын менеджмент системасынын “Сапатты башкаруу боюнча колдонмосу” жана «Документтерди башкаруу» документтештирилген процедуралары каралып, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Буга катар иш-чаранын алкагында Химия жана химиялык технология факультетинин ага окутуучусу Сапалова Салтанат Асановнага Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен ыйгарылган «Химия илимдеринин кандидаты» окумуштуулук даражасынын, Чет тилдер институтунун ага окутуучусу Алишова Изат Култаевнага Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен ыйгарылган «Филология илимдеринин кандидаты» окумуштуулук даражасынын диплому, ал эми Тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору, «Эне» кайрымдуулук фондунун президенти Момбекова Жыргал Канаевнага «Түрксой» эл аралык уюмунун алтын медалы тапшырылды.
Отурумда о.э. Физика жана электроника факультетинин доценти, ф-м.и.к. Сагынтай Кадышовдун “Аналогдук жана санариптик схемотехника” аттуу мамлекеттик тилде жазылган окуу китебине Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин грифин берүү, Журналистика жана коммуникация институтунун доценти, ф.и.к. Айна Талгарбековна Дүйшекеевага 10.01.10 — “Журналистика” адистиги боюнча кандидаттык иштерге жетекчиликке уруксат алууга сунуштоо боюнча чечимдер кабыл алынды.