2025-жылдын 4-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйынга КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев төрагалык кылып, отурумду Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата ушул жылдын 23-25-октябрында өткөрүлгөн иш-чараларга салым кошкон жалпы жамаатка ыраазычылыгын билдирүү менен баштап,
- Президенттик стипендияга ээ болгон студенттерге
- Билим берүү жана коомдук-маданий өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн КУУнун айрым кызматкерлерине
- «100 жылдыкка – 100 кабинет» долбоорунун алкагында ачылган кабинеттерге демөөрчүлүк кылган инсандарга
“Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын, ал эми Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен окумуштуулук даража ыйгарылган окутуучуларга тиешелүү аттестаттарды тапшырды.
Сыйлоо аземинен кийин Окумуштулар кеңешинин отуруму күн тартибине коюлган маселелер менен уланды:
1. “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кампусу” жөнүндө жобону бекитүү (баяндамачы – аймактык маселелер боюнча проректор Базакеева К.Ж.)
2. “Ж.Баласагын атындагы КУУнун ички гранттарынын негизинде тандалган долбоорлорду каржылоо” (баяндамачы – илим жана илимий аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Качкын уулу)
3. “КУУнун профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин Scopus/Web of Science эл аралык илимий-маалымат базаларында макалаларын цитаталоого шыктандыруучу регламентти бекитүү” (баяндамачы – илим жана илимий аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Качкын уулу)
4. “Каракол шаарындагы гуманитардык–табигый илимдер факультетинин гуманитардык жана табигый дисциплиналар кафедрасы менен юридикалык дисциплиналар кафедрасынын негизинде «Юридикалык жана гуманитардык-табигый дисциплиналар кафедрасын» түзүү жөнүндө (баяндамачы – Каракол шаарындагы гуманитардык–табигый илимдер факультетинин деканы Кылчыкбаев Т.Э.).
Отурумдун жүрүшүндө аталган маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.