2025-жылдын 18-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, ага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев төрагалык кылды.
Ректор Догдурбек Чонтоев жыйынды ачып жатып, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары, анын алкагында Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш политехникалык университетинин базасында Кыргызстанды изилдөө борборунун алгачкы ирет ачылышы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кызматкерлердин жайкы эс алуусун уюштуруу, жайкы кабыл алуу өнөктүгү жана кадрларды оптималдаштырууга байланыштуу сунуштарын ортого салды.
Күн тартибинде төмөнкү илимий-педагогикалык кызматкерлерге “доцент” окумуштуулук наамын ыйгаруу сунушу каралды жана колдоо тапты:
- Акматбекова Жанара Адылбековна – филология илимдеринин кандидаты, Журналистика жана коммуникация институту;
- Шайылдаева Асель Кокоевна – социология илимдеринин кандидаты, Социалдык-гуманитардык илимдер институту;
- Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич – социология илимдеринин кандидаты, Социалдык-гуманитардык илимдер институту.
Ошондой эле Баку мамлекеттик университетинин профессору, физика-математика илимдеринин доктору Байрамов Сади Андамга КУУнун Ардактуу профессору наамын ыйгаруу чечими бир добуштан колдоо тапты.
Жыйында чет тилдер институтунун структурасын өзгөртүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу саясатын бекитүү жана тил дисциплиналары боюнча студенттердин окуу жыйынтыктарын талдоо маселелери да каралды.
Эл аралык байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков университеттин эл аралык кызматташуу багытындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, жыл ичинде 51 келишимге кол коюлганын жана жалпысынан 271 келишим иштеп жатканын маалымдады. Аталган келишимдердин негизинде университетке 46 950 АКШ доллары өлчөмүндө түз инвестиция тартылган.
Окумуштуулар кеңеши жогорудагы маселелерди канааттандырарлык деп тапты.