2025-жылдын 25-апрель күнү башкы имараттагы конференц залда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында “2024-жылдагы КУУдагы каржы иштеринин жыйынтыгы”, “2024-2025-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиясынын жыйынтыгы” жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды.
Жыйын күн тартибиндеги “Ар турдүү маселелерди” кароодон башталып, ректор Догдурбек Чонтоев социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жогорку мектептин педагогикасы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Гульмира Карабалаевага “профессор”, экономиканын жогорку мектебинин экономика кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Назар Темировго “доцент”, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун педагогика программасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Гүлайым Дуйшөнбековага “доцент”, юридикалык институттун укук таануу жана бажы иши кафедрасынын доценттери, юридика илимдеринин кандидаттары Жаныл Керимканова менен Гульмира Жантаевага жана ошол эле кафедранын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Нуржамал Сарсеитовага “доцент” окумуштуулук наамдарын ыйгаруу жөнүндө билдирүү жасады.
Андан кийин
- биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору Калыйкан Мамбетова менен тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмоновдун “Кыргызстан тарыхы: Совет доору (1917-1990-жылдар)” жана “Кыргызстан тарыхы: урунттуу учурлар (байыркы доордон азыркы мезгилге чейин)” аттуу окуу китептерине, журналистика жана коммуникация институтунун доценти, пед.и.к. Күкүн Назарбекова, фил.и.к. доцент Зарыл Алымбаева, фил.и.к. доцент, Жанара Акматбекова жана ага окутуучулар Гүлзина Элтузерова, Мээрим Думанаева, Махабат Байгутуева тарабынан даярдалган “Кесиптик кыргыз тили” аттуу журналистика адистигинде окуган студенттер үчүн окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү боюнча сунуш киргизди;
- “Докторлук диссертациялардын темаларын бекитүү жана илимий кеӊешчилерин дайындоо” боюнча илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу маалымат берди;
- «Бозжол» кыргыз маданиятын изилдөө философиялык борборунун директору Советбек Абдрасулов аталган борбордун жобосун бекитүү жөнүндө билдирүү жасады;
- “2024-2025-окуу жылына карата кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы жана 2025-2026-окуу жылына карата бюджеттен тышкаркы орундарга кабыл алуунун негизги планын бекитүү” жөнүндө кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов баяндап берди;
- Пландоо-финансы бөлүмүнүн башчысы Айнура Мамаева 2025-2026-окуу жылына карата тарифтик саясат жөнүндө маалымат берди;
- “Башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин жана негизги окуу пландарын бекитүү” жөнүндө биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев билдирүү жасады;
- Илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу КУУнун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө маалымат берди.
Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча башкы бухгалтер Жамила бакай кызы чыгып сүйлөп, “2024-жылдагы КУУдагы каржы иштеринин жыйынтыгы” боюнча отчет берди.
Окуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Кыдыралиев “2024-2025-окуу жылындагы кышкы экзамендик сессиясынын жыйынтыгы” деп аталган күн тартибиндеги 2-маселе боюнча баяндама жасады.
Отурумдун жүрүшүндө күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында Окумуштуулар кеңеши тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.