2025-жылдын 17-апрель күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик, атактуу нейрохирург, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Миталип Мамытович Мамытов менен жолугушуу болду.

Жыйынды КУУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы Садык Алахан ачып, “Из калтыр” деп аталган бул жолугушуу университеттин Аксакалдар кеңеши мерчемдеген үч долбоордун биринчисинин башталышы экенин, буюрса, университеттин 100 жылдыгына карата мындан башка да Аксакалдар кеңешинин демилгеси менен табылган демөөрчүлөрдүн колдоосу менен окуу жайдын абройлуу окумуштууларынын илимий эмгектерин бастырып чыгаруу (“100 жылдыкка 100 китеп долбоорунан башка”); Университетте жасалып жаткан алгылыктуу иштер тууралуу ММКларда атайын көрсөтүүлөрдүн, уктуруулардын, макалалардын түрмөктөрүн уюштурууну колго ала баштаганын айтты жана сөз кезегин окуу жайдын ректору, профессор Догдурбек Чонтоевге берди.

Ректор студенттер менен жолугушууга келип бергендиги үчүн Миталип Мамытовичке ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу – Улуттук университет үчүн тарыхый күн экенин, анткени, күн сайын эле медициналык багытта окуган студенттер кыргыз медицинасынын легендасы, адамдын нерв системасына 17 миң операция жасаган тажрыйбалуу врач-нейрохирург менен жолугушуп, суроолорду берип, даңазалуу агайдын турмуш тажрыйбасынан алынган жоопторду өз оозунан уга бербесин белгилеп, улукман агайга чың ден соолук, узун өмүр жана чыгармачыл ийгиликтерди каалады.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Миталип Мамытов Улуттук университет – Кыргызстандагы эң чоң, белгилүү жана абройлуу университет экенин белгилеп, балалык кезинен азыркыга чейин илимдеги жана турмуштагы басып өткөн жолу, жетишкен ийгиликтери, о.э. медицинада ийгиликке жетишүүнүн жолдору, узакка өмүр сүрүүнүн сырлары тууралуу кенен-кесир сөз кылып, студенттердин суроолоруна жооп берди. Даңазалуу нейрохирургдун айтымында, ийгиликке жетишүү үчүн ар бир врач өз кесибин сүйүш керек. Белгилеп кетчү нерсе – Миталип Мамытов бул маалыматтарды чет өлкөлүк студенттерге адегенде англис тилинде айтып, андан кийин кыргыз жана орус тилдеринде улантып жатты.

Миталип Мамытовдун кыргыз медицинасына сиңирген эмгеги жана врач-нейрохирург катары ишмердүүлүгү тууралуу өз ойлору менен Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакунов бөлүштү.

Жолугушууга о.э. КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу, журналистика жана коммуникация институтунун профессору, Кыргыз Эл жазуучусу Абдиламит Матисаков, КУУнун эл аралык медицина жана илим институнда окуган чет өлкөлүк студенттер менен тарых жана чөлкөм таануу институтунун, кыргыз филологиясы факультетинин студенттери катышты.

Кыскача маалымат

Миталип Мамытович Мамытов 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн. 1958-1960-жылдары Кызыл-Кыядагы медициналык орто оку у жайында, 1960-1966-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда (азыркы КММАда), 1966-1971-жылдары Санкт-Петербургдагы А.Л.Поленов атындагы нейрохуриргия илим-изилдөө институтунда билим алган. 1972-жылы кандидаттык, 1987-жылы доктордук диссергацияларын коргогон. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү (академиги).

8 монографиянын, 8 ойлоп табуунун, 32 окуу-усулдук куралдын автору. Ондон ашуун илимдин кандидаттары менен докторлорун даярдап чыгарган. Адам баласынын мээсине 17 миңден ашуун операция жасаган уникалдуу врач. Республикалык, эл аралык көптөгөн ардактуу наамдардын, сыйлыктардын ээси.

Добавить комментарий