2025- жылдын 16-апрелинде башкы имараттагы кичи жыйындар залында илимий  иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу 16-январдан 13-мартка чейин өткөрүлгөн “Илимий изилдөөнүн глобалдык тенденциялары жана дисциплиналар аралык мамилелери: дүйнөнүн алдынкы университеттеринин тажрыйбасы” аттуу 36 саат көлөмүндөгү семинарга катышкан 72 кызматкерге тастыктама тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө Мырзабек Камчыбек уулу КУУнун 100 жылдыгына карата жаш окумуштуулардын, аспиранттардын жана PhD докторанттардын илимий-изилдөөчүлүк көндүмдөрүн калыптандыруу, илимий мотивациясын өнүктүрүү боюнча уюштурулган мындай илимий иш чаралар уланаарын баса белгиледи.

(С) Керимбекова Нуриза – илим бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Добавить комментарий