2025-жылдын 2-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында кадрлар башкармалыгы менен окуу процессин координациялоо бөлүмүнүн соңку 3 жылда аткарган иштери боюнча отчеттору угулуп, ар түрдүү башка маселелер каралды.

Жыйындын башында ректор тоголок жетим балдарга кам көрүү, антикоррупциялык иш-чаралар, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, англис тилин билген окутуучуларды көбөйтүү, диссоветтерге негиздөөчү болуп кирүү тартиби, сапаттын менеджмент системасы жана башка маселелер тууралуу билдирүү жасады.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча кадрлар  башкармалыгынын башчысы Айгүл Жайнакова чыгып сүйлөп, өзү жетектеген түзүмдүн акыркы 3 жылда аткарган иштери боюнча отчет берип, КУУнун кадрдык саясатынын концепциясын сунуштады.

Биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин профессору Издевалды Искаков менен экономиканын жогорку мектебинин “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” кафедрасынын доценти Оксана Имангазиева тарабынан биргеликте даярдалган “Кыргыз Республикасындагы финансылык көзөмөл жана аудит”, менеджмент жана бизнес институтунун доценти Д.О.Керимбекова, э.и.к. Д.Т.Айтмурзаева жана Ж.Б.Намазбекова тарабынан биргеликте даярдалган “Жалпы сапатты бирдей башкаруу”, биология факультетинин доценттери А.Ш.Шекеков менен Ш.С.Сулейманова тарабынан даярдалган “Вирусология” жана юридикалык институттун доценти К.С.Раманкулов тарабынан даярдалган “Трудовое право Кыргызской Республики” аттуу окуу китептерине Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө билдирүү жасады.

Окуу башкармалыгынын окуу  процессин координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси Тамара Алмерекова күн тартибиндеги 2-маселе боюнча баяндама жасап, КУУда билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди даярдоо, акысын төлөө, сактоо, электрондук форматтагы дипломдорду берүү жана эсепке алуу боюнча акыркы 3 жылда жасалган иштер боюнча отчет берди.

Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, профессор, филология илимдеринин доктору Аттокур Джапановго “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, КУУнун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына сунуштоо боюнча биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен кадрлар  башкармалыгынын башчысы Айгүл Жайнакова маалымат беришти.

Отурумдун жүрүшүндө күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында Окумуштуулар кеңеши тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий