2025-жылдын 6-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары “КУУнун этика  боюнча  комиссиясынын 2024-2025-окуу жылында аткарган иштери”, “КУУда коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерди уюштуруунун багыттары” тууралуу жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

Жыйындын башында ректор Улуттук университетте илимий конференцияларды өткөрүүнүн, башка университеттер менен келишим түзүүнүн жол-жобосу, түзүмдөрдөгү иш-чаралар жөнүндө соцтармактарда билдирүү жазуунун тартиби, иш кагаздарын биринчи кезекте кыргыз тилинде жазуу талабы, жалпы университеттик иш-чараларга түзүм жетекчилеринин катышуусу тууралуу билдирүү жасап, окуу имараттары менен жатаканалардын айланасын коменданттар менен бирге тартипке келтирүү боюнча түзүм жетекчилерине тапшырма берди.

Отурум күн тартибинин “Ар түрдүү маселелер” бөлүгү менен башталып, анда “Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн (PhD/тармак боюнча) докторантурасын уюштуруу жана философия доктору (PhD/тармак боюнча) окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо”, “В.Ф.Яковлев атындагы Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ректору, юридика илимдеринин доктору, профессор Бублик  Владимир Александрович мырзага, ошол эле окуу жайдын эмгек укугу кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Головина Светлана Юрьевна айымга, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин эмгек укугу кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Куренной Александр Михайлович мырзага, Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын ректору, Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, психология илимдеринин доктору, профессор Шакеева  Чынара Асановна айымга “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу”, “Студенттик кадрлар бөлүмүнүн соңку 3 жылдагы отчету”, “КУУда «Бозжол» кыргыз маданиятын изилдөө философиялык борборунун ачылышы”, “Кыргыз-япон институтунун алдында «Тамак-аш даярдоо технологиялары» лабораториясын уюштуруу” жөнүндө маселелер каралып, алар боюнча PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы Досаалы Иманбердиев, юридикалык институттун директору Кынатбек Сманалиев, студенттик кадрлар бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Жузубалиева, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев, кыргыз-япон институтунун директорунун орун басары Жеңиш Бексултанов маалымат беришти.

Биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев юридикалык колледждин окуутучусу Асылбек Рахманов даярдаган “Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу: схемалар жана таблицаларда” аттуу окуу китебине, юридикалык институттун профессору, ю.и.д. Абдиш Коомбаев менен ю.и.к., доцент Азамат Маматкулов биргеликте даярдаган “Окуя болгон жерди кароонун маңызы жана протоколунун үлгүлөрү” аттуу окуу куралына, эл аралык колледждин доценти, филолог.и.к. Майрам Жаманакова менен окуутучу Айгул Аземова биргеликте даярдаган “Кыргыз тили чет тилдүү студенттер үчүн” аттуу окуу куралына, юридикалык институттун доценти, ю.и.к. Азамат Кадыров менен ю.и.д., профессор Алексей Анисимов биргеликте даярдаган “Экологическое право Кыргызской Республики” аттуу китебине, социалдык-гуманитардык илимдер институтунун профессору, философ.и.д. Нур Саралаев., философ.и.д., профессор Магира Амердинова жана философ.и.к., доцент Нурзат Аалиева биргеликте даярдаган “Философия” окуу китебине Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө сунуш киргизген соң, күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Улуттук университеттин этика боюнча комиссиясынын  төрагасы Анарбек Алыбаев чыгып сүйлөп, өзү жетектеген органдын 2024-2025-окуу жылындагы аткарган иштери боюнча берди, ал эми юридикалык институттун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Низахун Алахунов күн тартибиндеги 2-маселе боюнча баяндама жасап, Улуттук университетте коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерди уюштуруунун багыттары жөнүндө билдирүү жасады.

Отурумдун жүрүшүндө күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында Окумуштуулар кеңеши тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий