Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиде 2025-жылдын 31-мартында Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасы тарабынан Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына карата жана “Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июнундагы № 140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамына ылайык, малекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган «КЫРГЫЗ ТИЛИ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ» аттуу студенттер аралык тегерек стол Ж. Баласагын атындагы КУУнун №10-окуу имаратында болуп өттү.
Тегерек столду Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору АЛЫМКУЛОВ Замирбек Аманбекович ачып, студенттердин ишине ийгилик каалады.
Тегерек столду философия илимдеринин кандидаты, философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти ААЛИЕВА Нурзат Карыбековна алып барды.
Тегерек столго Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун, Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жана И. Раззаков атындагы Политехникалык университетинин студенттери катышты.
Тегерек столдо Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтунун студенттери:
- КЕҢЕШОВ Аскат Джеңишович – ЮПБ-24-24 группасынын студенти;
- МЫРЗАКАНОВ Исхак Мырзаканович – ЮПБ-24-24 группасынын студенти;
- УРМАТБЕК уулу Данияр – ЮПБ-24-24 группасынын студенти;
- РАИМБУАЕВА Нурзида Эмирлановна – ЮПБ-19-24 группасынын студенти;
- БУГУБАЕВА Нургыз Узакбаевна – ЮПБ-1-24 группасынын студенти;
- АСЫЛБЕКОВА Мелена Асылбековна – ЮПБ-15-24 группасынын студенти;
- АБУБАКИРОВА Жаниела Мирлановна – ЮПБ-20-24 группасынын студенти;
- АЙЫПОВА Нурайым Айыповна – ЮПБ-1-24 группасынын студенти;
- МУХТАРОВА Назима Кыялбековна – ЮПБ-1-24 группасынын студенти;
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук философия факультетинин студенти:
- АМАНТУР кызы Айпери – Фб-1-24 группасынын студенти;
И. Раззаков атындагы Политехникалык университетинин студенттери:
- МАНАСОВ Канатбек Бакытбекович – И. Раззаков атындагы Политехникалык университетинин Тоо-кен технологиялык колледжинин студенти
- БАКТЫБЕКОВ Нурбек Мирланович – И. Раззаков атындагы Политехникалык университетинин Тоо-кен технологиялык колледжинин студенти
- АМАНГЕЛДИЕВ Умар Уланович И. Раззаков атындагы Политехникалык университетинин Тоо-кен технологиялык колледжинин студенти
- ТОКТОЖУМАЕВ Дастан Бакытбекович – И. Раззаков атындагы Политехникалык университетинин Тоо-кен технологиялык колледжинин студенти докладдарын окушту.
Студенттер кыргыз тили, анын тагдыры жана жаштардын эне тилибизге болгон мамилеси тууралуу ой бөлүшүү үчүн чогулшканын; кыргыз тили – бул улутубуздун жүзү, маданиятты, тарыхты жана руханий байлыты; эне тилибизди сактоо менен кыргыз элинин даңктуу өткөнүн жана жаркын келечегин камсыз кыла тургандыгын баса белгилешти.
Ошол эле мезгилде, акыркы жылдарда эне тилибиздин коомдогу орду барган сайын жаштардын арасында алсырап бара жаткандыгы; көптөгөн жаштар башка тилдерге артыкчылык берип, кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде колдоно албай калгандыгын айтышып, өздөрүнүн докладдарында кыргыз жаштарынын эне тилине болгон мамилесин, тилдин учурдагы абалын жана анын өнүгүшү үчүн кандай аракеттерди жасоо керектиги жөнүндө талкуулашты.
Учурда кыргыз жаштарынын эне тилине болгон мамилеси ар түрдүү экендигине токтолушуп, кээ бир жаштар кыргыз тилин сүйүп, сыйлап, аны өнүктүрүүгө аракет кылышса, тилекке каршы, айрымдары кыргызча сүйлөөнү уят көрүп, башка тилдерде сүйлөөгө умтулуп жатышкандыктары айтылып, алардын төмөңкүдөй себептери саналды:
✅ Шаарлашуу жана глобалдашуу
Кыргызстандын шаарларында жашаган жаштар айрыкча орус же англис тилинде билим алышат. Университеттерде, жумушта жана коомдук жайларда башка тилдер басымдуулук кылат.
✅ Үй-бүлөдөгү тил саясаты
Айрым ата-энелер балдары менен орус же англис тилинде сүйлөшүүгө басым жасап, кыргыз тилине жетиштүү маани бербей жатышат.
✅ Мамлекеттик тилдин коомдогу ролу
Кыргыз тили мамлекеттик тил катары мамлекет тарабынан колдоого алынганы менен, расмий документтерде, бизнес чөйрөсүндө жана технологияда көп колдонулбай жатат.
✅ Жумушка орношууда кыргыз тилин билүү талаптары күчөп жатат.
Мамлекеттик кызматтарга жана мамлекеттик тилде иш алып барган жеке сектордун айрым тармактарына орношуу үчүн кыргыз тилин билүү зарылдыгы белгиленүүдө. Мисалы, мамлекеттик кызматкерлер үчүн кыргыз тилин билүү деңгээлин баалоо тесттери киргизилген. Бирок, жогорку окуу жайларда 75% сабактар орус тилинде өтүлүп, студенттердин көбү кыргыз тилинде жетиштүү деңгээлде билим албай жатышат. Юристтер үчүн, эгерде кыргыз тилин билбесе, мыйзамдарды туура түшүнүү жана иш жүзүндө колдонуу кыйынчылык туудурат, анткени мамлекеттик тилде иш алып баруу жана мамлекеттик органдар менен кызматташуу кыргыз тилин толук түшүнүүнү талап кылат.
✅ Социалдык тармактар жана жаңы технологиялар
Интернеттеги маалыматтардын басымдуу бөлүгү англис жана орус тилдеринде болгондуктан, жаштар ушул тилдерди көбүрөөк колдонушат.
Бирок бул көрүнүш кыргыз тилин өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбашы керек. Кыргыз жаштары өз эне тилин сактап, өнүктүрүүгө аракеттениши зарыл!
Кээ бир студенттер “кыргыз тили унутулуп баратат” деп коңгуроо кагышты. Кыргыз тилин унутууга негизги себептер төмөнкүдөй себептер саналды:
❌ Кыргызча сүйлөөнү модадан чыккан нерсе катары кабыл алуу.
❌ Мектептерде жана ЖОЖдордо кыргыз тилинде сабак өтүүнүн жетишсиздиги.
❌ Жаштардын кыргызча китептерди аз окушу.
❌ Технологиянын, илимдин жана бизнестин кыргыз тилинде аз өнүгүшү.
Бирок, жаштардын арасында кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан инсандар да көп экендиги айтылып, аларга төмөнкүлөрдү киргизишти:
✅ Кыргызча контент жаратуучулар (блоггерлер, журналисттер, жазуучулар).
✅ Кыргыз тилинде иш жүргүзгөн ишкерлер.
✅ Кыргыз тилинде ыр жазган, поэзия жаратуучу жаштар.
✅ Кыргызча дебат клубдарына катышкан студенттер.
Эгер биз эне тилибизди сактап калууну максат кылсак, анда аны колдонуу маданиятын өнүктүрүшүбүз керек; Ар бир кыргыз жараны эне тилинде эркин сүйлөп, аны өнүктүрүүгө салым кошсо, кыргыз тилин унутулуп бараткан тил эмес, өнүккөн тилдердин катарына кошо алабыз; “Эне тилиң – бул сенин келечегиң! Аны сактоо – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!” деген жыйынтыкка келишти.
Тегерек столдун аягында студенттер тегерек столго жигердүү катышкандыктары үчүн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун тастыктамасы менен сыйланышты. Ошондой эле студенттер аралык тегерек столдо мыкты даярдыкты көрсөткөндүгү үчүн:
- МЫРЗАКАНОВ Исхак Мырзаканович – ЮПБ-24-24 группасынын студенти I даражадагы;
- РАИМБУАЕВА Нурзида Эмирлановна – ЮПБ-19-24 группасынын студенти II даражадагы;
- АМАНТУР кызы Айпери – Фб-1-24 группасынын студенти II даражадагы диплом менен сыйланышты.
(С) ААЛИЕВА Нурзат Карыбековна – философия илимдеринин кандидаты, философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды





