«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» Конституциянын  жаңы мыйзамына ылайык мамлекеттик тил аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2025-жылдын 22- январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун №40 буйругу чыккан.

Ага ылайык атайын мониторинг боюнча түзүлгөн комиссия 2025-жылдын 13-март күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда болушту. Мониторингде маалым болгондой институттун иш кагаздары талапка ылайык кыргыз тилинде даярдалганы менен андагы сабактар расмий тилде жүргүзүлүп, окуу куралдары менен окуу методикалык комплекси орус тилинде экени аныкталды. Ошол эле учурда протоколдор менен билдирүү жана иш пландар кыргыз тилинде так жана туура жазылган. Аны менен бирге институттун алдындагы гимназиянын  иш кагаздары менен стандарттар, жумушчу программалар, протоколдор жана отчеттору талапка жооп берери белгилүү болду.

Мониторинг боюнча комиссия 17- март күнү юридика институтунда болуп, андан соң 18-март күнү социалдык гуманитардык илимдер институтунда, химия жана химиялык технологиялар факультетинде, о.э. 19-март күнү физика жана электроника, кыргыз-европа факультеттеринде жана кыргыз-япон институтунда мониторинг жүргүздү.

Жалпысынан окуу методикалык комплекстер менен жумушчу программалар кыргыз тилинде даярдалган. Муну менен бирге Окумуштуулар кеңешинин жана факультеттин деңгээлиндеги жыйындардын протоколдору кыргыз тилинде жазылганы маалым болду. Билдирүүлөр жана студенттер менен болгон ички иш кагаздар мамлекеттик тилде жазылып жатканы байкалды.  

Комиссиянын мониторинг жүргүзүүсүндө окуу жайдын курамдарындагы программа жетекчилери  ички иш кагаздары, жумушчу программалары, илимий иштери, окуу жүгү боюнча маалымат беришти. Аны менен бирге факультеттерге тиешелүү сабактардын стандарттары бир гана  физика факультетинде  кыргыз тилинде бар экени, ал эми калган түзүмдөрдө жок экени анык болуп чыкты. Программа жетекчилеринин маалыматында белгилүү болгондой, программалардын окутуучу-профессордук курамынын мамлекеттик тилдеги илимий-изилдѳѳ багытындагы эмгектери менен кесиптик багытта окуу  куралдары даярдалып, иш жүзүндө колдонулуп келет.

Протоколдор менен жумушчу программалары аралаш жазылган курамдык түзүмдөр дагы жок эмес экени белгилүү болду.   Бирок, билдирүүлөр жана студенттер менен болгон ички иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатканы көңүл жылыткан жагдай болду. Аны менен бирге комиссия мүчөлөрү окуу жайдын жогоруда аталган  түзүмдөрүндөгү бүтүрүүчүлѳрдүн квалификациялык иштери мамлекеттик тилде жазылып жана корголуп жатканынан кабар алышты.

Жаңы окуу жылына кесиптик сабактарды кыргыз тилинде окутуу боюнча физика жана электроника факультети толугу менен окута аларын билдирди. Юридика институтунда кафедралар үчтөн предметтерин кыргыз тилинде окутууну пландап жатканын маалымдашты. Ал эмисоциалдык-гуманитардык илимдер институтунда психология кафедрасы кыргыз тилдүү окутуучулардын жоктугуна байланыштуу сабактар расмий тилде гана жүргөндүгүн, окуу куралдарынын кыргыз тилинде жоктугун, аны жазууга кадр маселеси болуп жаткандыгын кабарлашты. Кыргыз-европа факультети профессордук-окутуучулук курам жана студенттер да даяр экендигин жаңы окуу жылына кыргыз тилинде математика, статистика өңдүү сабактарды пландап жатканын билдиришти.Кыргыз-япон институту окутуу кыргыз, англис, япон тилдеринде жаңы окуу жылына даярдалып, институтта иш кагаздары кыргыз тилинде көктөлүп, атайын журналга мөөр басылып,үлгүлүү иш кагаздарынын бар экендигин көрсөтүштү.

Эл аралык медицина жана илим институту график боюнча комиссия барарын билсе да жумуш ордунда бир да жетекчи жок болуп чыкты. Институтту мониторингден өткөрүү кийинки жумага калтырылды.

(С) Динара Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту

Юридика институту

Социалдык-гуманитардык илимдер институту

Химия жана химиялык технологиялар факультети

Физика жана электроника факультети

Кыргыз-европа факультети

Кыргыз-япон институту

Добавить комментарий