2025-жылдын 28-февралында М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, физика-математика илимдеринин доктору, КУУнун ардактуу профессору Садовничий Юрий Викторович КУУнун жаш окумуштууларына “М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде илимий-изилдөө иштеринин абалы жана келечеги” аттуу темада мазмундуу онлайн лекция окуп берди.

Вебинарга 80ге жакын КУУнун окумуштуу, окутуучу жана аспиранттары катышып, белгилүү окуу жайдын илимий-изилдөөчүлүк борборлору, лабораториялары жана обсерваторияларында аткарылган иштери, нобель сыйлыктарынын ээлери, изилдөөлөрдүн багыттары ж.б. жөнүндө кеӊири маалыматтарды алышты.

Вебинарды университеттин илимий иштер боюнча проректору Мирлан Дылдаев ачып, лекторго жана катышуучуларга ийгилик каалоо менен мындай окутуулар жаш окумуштуулардын илимий потенциалын жана деңгээлин жогорулатууга, аларды илимге кызыктырууга багытталарын баса белгиледи. Ошондой эле кийинки жумалардагы вебинарлардын күн тартибинде Илимий-изилдөөлөрдө жасалма интеллекти колдонуу, Scopus, Web of Science журналдарында өз алдынча макала жарыялоо жана PhD докторантуранын учурдагы абалы жана келечеги аттуу темада чет өлкөлүк окумуштуулардын катышуусунда дагы вебинарлар өтө турганын билдирди.

(С) Бактыярова Азия – илимий иштер боюнча проректордун катчы-референти

Добавить комментарий