2026-жылдын 8-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Түркологиялык окуу-4» сериясынын алкагында «Түрк дүйнөсүндө Азербайжан тили жана адабиятынын изилдениши-3» аттуу эл аралык илимий симпозиум өз ишин баштады.

Илимий иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына жана I Баку түркологиялык курултайынын 100 жылдыгына арналды.

Симпозиумдун негизги максаты – түрк дүйнөсүндө азербайжан тилин жана адабиятын изилдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, түркология тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн жаңы багыттарын аныктоо, окумуштуулардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жана түрк тилдүү мамлекеттердин илимий-билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү.

Иш-чарага Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, изилдөөчүлөрү жана түркология багытындагы адистери катышты.

Симпозиумдун ачылыш аземинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Токтосартович Чонтоев куттуктоо сөз сүйлөп, эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана түркологиялык изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын ачылышында Ошондой эле Азербайжанагы ТҮРКСОЙдун өкүлү Вугар Мамедов, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов жана Хазар университетинин негиздөөчүсү, Камкорчулар кеңешинин төрагасы Хамлет Исаханлы куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Андан соң университетибиздин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн кыргыз тили, кыргыз адабяты жана азербайжан тили жана адабияты менен салыштырма өңүттө изилдөөлөрдү жүргүзүп жүргөн, коомдук иш-чараларга активдүү катышкан төмөндөгү студенттерине REEF GROUP (Риф груп) компаниясынын президенти Азер Шүкүров стипендия тапшырды.

  • Сокучиева Аяна
  • Дүйшөналиева Нураида
  • Дүйшекеева Таңсулуу
  • Жолчубекова Акылай.

Андан соң пленардык отурумда түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгындагы ортоктуктар жана айырмачылыктар, Түркиядагы азербайжан адабиятын изилдөө, Мухтар Ауэзов менен азербайжан адабиятынын руханий байланыштары, Азербайжан тили менен адабиятын Европада окутуунун тажрыйбасы жана өзбек поэзиясында Карабах эркиндигинин көркөм чагылдырылышы сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Пленардык баяндамаларда профессор Сулайман Т. Кайыпов, профессор Явуз Акпынар, Урзада Абилкасимовна Муссабекова, Тамерлан Кулиев жана профессор Мафуфжон Юлдашев илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүшүштү.

Симпозиумдун кийинки бөлүгүндө илимий талкуулар төрт секциянын алкагында улантылды. Секцияларда азербайжан тилин изилдөөнүн салыштырма-тарыхый маселелери, азербайжан адабияты жана түрк элдеринин адабий байланыштары, түрк тилдерин жана адабияттарын окутуунун заманбап методдору, инновациялык технологиялар жана Азербайжан тилин изилдөөнүн актуалдуу багыттары каралды.

Симпозиумдун жүрүшүндө катышуучулар түркология илимин өнүктүрүү, Азербайжан тилин жана адабиятын изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, жаш окумуштууларды колдоо жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында түркологиялык изилдөөлөрдү мындан ары өнүктүрүүгө, түрк элдеринин тилдик, адабий жана маданий мурастарын биргелешип изилдөөгө жана эл аралык илимий кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган симпозиумдун резолюциясы кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети түркология багытындагы эл аралык илимий кызматташтыкты системалуу түрдө өнүктүрүп келет. Университеттин Түркология жана котормо таануу бөлүмү буга чейин да түрк тилдери, адабияты жана маданияты боюнча эл аралык илимий иш-чараларды өткөрүп, чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер менен кызматташтыкты кеңейтип келет.

Симпозиумдун экинчи күнү 9-октябрда Ысык-Көлдө уланат.

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент