2023-жылдын 20-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнун башчысы Бакыт Келдибеков Корей Республикасынын Чонбук университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн вице-президенти Хварим Чо менен онлайн-жолугушуу өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө окуу процессиндеги кызматташуулар жөнүндө сөз болду.

Ректор Төлөбек Абдырахманов аталган университетке ыраазычылык айтып, Түштүк Кореянын бир нече университеттери менен кызматашаарын билдирген соӊ, Чонбук университети менен дагы жакшы иштешээрин айтты

Чонбук Улуттук университетинин  эл аралык байланыштар бөлүмүнүн вице-президенти Хварим Чо Кыргыз Улуттук университети менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, өзү иштеген окуу жай тууралуу кыскача маалымат берди. Онлайн форматта өткөн жолугушууга  “Favours” компаниясынын аткаруучу директору Жин Ил Нам мырза жана “Favours” компаниясынын башкы менеджери Элиза Аскарбекова катышты.

Добавить комментарий