2023-жылдын 21-сентябрь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов менен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу жана котормочу Төлөгөн Козубеков окуу жайдын башкы имаратынын алдындагы Жусуп Баласагындын айкелине гүлчамбар коюшту.

Андан кийин Төлөгөн Козубеков тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери менен жолугушуп, Жусуп Баласагын жана анын “Куттуу билим” дастаны тууралуу айтып берди. Акындын оюнча, “Куттуу билим” – мындан миӊ жыл мурунку мамлекетти башкаруунун жол-жоболору менен адамдык карым-катнаштарды поэзиянын таасирлүү тили менен чагылдырган дүйнөдө теӊдеши жок чыгарма. – Бабабыздын мурасын биз-кыргыздар эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү туу тутуп, бийик көтөрүп жүрүшүбүз керек, ал ошого татыктуу. “Куттуу билим” дастанын ыйык сактап, сыймыктанып жүрүү – жалпы кыргыз элинин, ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Ал чыгарма ар бир кыргыз үйүнүн төрүндө турарлык баалуу мурас, – деп сөзүн жыйынтыктады Төлөгөн Козубеков.

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов университетке келип, кызыктуу маек куруп бергендиги үчүн Төлөгөн Козубековго ыраазычылыгын билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто, кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Калыбек уулу Марат тарых жана чөлкөм таануу институнунда ар түрдүү конференцияларды уюштуруп турууга кызыктар экендигин айтып, министрликтин атынан университетке ыраазычылык билдирди жана студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.

КУУнун “Жаш толкундар” адабий ийриминин жетекчиси Назгүл Турдубаева бүгүнкү иш чаранын мейманы Төлөгөн Козубеков көптөгөн тарыхый материалдарды байыркы түрк тилинен кыргыз тилине которуп жүргөнүн белгилеп, “ал котормолорду биз дагы бүгүнкү күндө пайдаланып жатабыз”, – деди.

Иш-чара жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан уюштурулду.

Добавить комментарий