2023-жылдын 20-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз филологиясы факультети тарабынан көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер, академик Болот Юнусалиевдин 110 жылдык мааракесине арналып уюштурулган “Илимге арналган өмүр” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Болот Юнусалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы, илимде жетишкен ири ийгиликтери, коомдук ишмердиги, жасап кеткен өрнөктүү иштери тууралуу окумуштууларга, аспиранттарга, докторанттарга, о.э магистранттарга жана жалпы эле жаш муундарга маалымат берүү максатында өткөрүлүп жаткан иш чараны факультет деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, сөздү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди.
Ал жыйындын катышуучуларын Тил майрамы менен куттуктап, “Бул ар бирибиздин майрамыбыз. Анткени, кыргыз тили менен агарып-көгөрүп, элибизди-жерибизди, ата-тегибизди таанып, ошолорду даӊазалап жазып, ырдап, келе жатабыз”, – деди. Андан ары ректор коомдук ишмер, даанышман педагог Болот Юнусалиевдин бейнесине арналган илимий-конференциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, Болот Юнусалиев – кыргыз илиминин-билиминин калыптанышына, адабиятынын өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө зор салым кошкон инсан экендигин белгиледи. – Урматтуу студенттер! Ушундай адамдын бейнесине арналган конференцияга катышып, белгилүү тилчи, профессор, академиктердин докладын угуу – силер үчүн чоӊ сыймык. Силердин араӊардан да ушундай адамдар чыгат деген ишеничтебиз, – деп сөзүн жыйынтыктады Төлөбек Абдырахманов.
Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев Болот Юнусалиев – Евразиянын баалуулугу, залкарларынын бири жана кыргыз дүйнөсүнүн улуттук сыймыгы, кыргыз филологиясын жана тил илимин, түркологияны жаӊы сапаттык деӊгээлге көтөргөн адам экендигин белгилеп, анын ой-чабыты кеӊири болгонун, “Манас” эпосун, Молдо Нияздын, Молдо Кылычтын кол жазмаларын тереӊ изилдегенин, өмүрүнүн аягына чейин “Манас” эпосунун орусча которулушуна түздөн-түз жетекчилик кылганын, батыш менен чыгышты акылмандыгы менен изилдеген көрөгөч, айкөл, тил илиминин залкары, патриоту, кайталангыс инсан болгондугун айтты жана иш чараын уюштуруп жатканфакультеттин жамаатына тереӊ ыраазычылык билдирди.
Мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан бүгүн кыргыз филологиясынын айдыӊында өзгөчө майрам болуп жаткандыгын айтып, Болот Юнусалиев – илимге-билимге жана элге күйгөн адам болгондугун белгиледи.
Кыргыз улуттук “Манас” театрынын төкмө акыны Тынчтыкбек Эсенбай уулу комуз аркылуу куттуктоосун билдиргенден кийин, академик Болот Юнусалиевдин өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу слайд көрсөтүлүп, УИАнын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев “Манас” эпосунун тагдырынын чечилишинде академик Б.М.Юнусалиевдин ролу”, филология илимдеринин доктору, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору Ибрагим Абдувалиев “Академик Б.М.Юнусалиев жана кыргыз тилиндеги уңгу сөздөр”, филология илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Аскар Медетов “Патриот – илимпоз” аталышындагы баяндамаларды жасашты.