2024-жылдын 18-декабрында КФФтин түркология жана котормо таануу бөлүмүндө “Түркологиялык окуулар – II” лекцияларынын 2-отуруму Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университетинин түркмөн адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Аманнепес Гойынчыевич Шихнепесовдун “Махтумкулинин ааламы” аталышындагы лекциясы менен уланды.

“Окуунун” 2-отуруму расмий ачылыш, лекция жана пикир алышуу сыяктуу 3 бөлүктөн турду.

Бүгүнкү “Окууну” ТКТнын улук окутуучусу Фаризат Курамаева алып барды. “Махтумкулинин ааламы” аталышындагы окууну уюштурууга салым кошкон Кыргызстандагы Түркмөнстандын Элчилиги, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлиги жана Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университетинин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Жалпы катышуучуларга ЮНЕСКОнун “Дүйнөнүн эс-тутуму” тизмесине Махтумкулинин кол жазмалар коллекциясынын катталашы жана ТҮРКСОЙ тарабынын 2024-жылдын “Түрк Дүйнөсүнүн улуу акыны жана ойчулу” жылы катары кеңири белгиленгендигин айтып өттү.

Расмий ачылыш университетибиздин илимий иштери боюнча проректору геог.и.д.,проф.Мирлан Дылдаевдин куттуктоо жана ыраазычылык сөзү менен башталды. Өз сөзүндө соңку жылдары кыргыз-түркмөн илимий маданий алакалардын мамлекеттик деңгээлде колго алынып, алгылыктуу иш-аракеттердин өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи. Үстүбүздөгү жылы Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата жалпы Кыргызстанда жана анын ичинде университетибизде бир катар илимий конференциялар, окуулар өткөрүлгөндүгүн баяндады. Ошол иш-чаралардын бири Түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан өнөктөш университеттердин катышуусунда уюштурулган “Түркологиялык окуулардын” алкагында түркмөнстандык окумуштуулар, изилдөөчүлөр менен пикир алышуу платформасынын түзүлгөндүгү кубантарлык жагдай экендигин белгиледи.

Андан соң Махтумкули атындагы Түркмөн мамлекеттик университетинин илимий иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы тарых илимдеринин кандидаты Мурад Курбаназарович Ходжакулиев сүйлөп, 2024-жылдын ноябрь айында Борбордук Азиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун форумунда ТГУнун ректору О.Овезсахедов жана КУУнун ректору Д.Т.Чонтоевдин ортосунда пикир алышуунун негизинде ар тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүлгөн. Андыктан ошол расмий сүйлөшүүнүн негизинде байланышты улантуу, бекемдөө, достук мамилени күчөтүү үчүн бүгүн Махтумкулинин 300 жылдыгына карата биргелешкен илимий иш-чарага катышып жаткандыгына кубанычта экендигин айтып, “Окуунун” уюштуруучуларына жана катышуучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин ТКТнын бөлүмүнүн башчысы ф.и.к.,доцент Бурул Элебесова биринчи лекторго жана жалпы өнөктөш университеттерден катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, ф.и.к.,доцент Аманнепес Шихнепесовдун эмгектери тууралуу маалымат берди.

Негизги бөлүктө лектор ф.и.к., доцент Аманнепес Гойынчыевич Шихнепесов  “Махтумкули Фраги Түрк элдеринин улуу даанышманы жана чыгыштын көрүнүктүү акыны” аттуу темада түркмөн тилинде кеңири баяндама жасады. Баяндама түрк тилине синхрондук түрдө которулду. Баяндамада Махтумкули феномени жөнүндө чыгармаларындагы уникалдуу парадигмалар, “барчылык-жокчулук” инверциясы, метофизикалык суроолор, жашоо жана ойдун усулу – амал, жаратуучулугундагы асоссациялар, чыгармаларынын негизи, накыл сөздөр, философиялык образдар, карыптык, бийиктик, кайыптык жана “пырагылык” тууралуу мазмундуу лекцияны презентация аркылуу баяндап берди. Аны менен катар “Окууга” катышкандарга ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин КТУ “Манас” университетинен Мухиттин Гүмүш, Хазар университетинен Дилбер Зайналова, Шароф Рашидов Самарканд мамлекеттик университетинен Эмрах Йылмаз, Фырат университетинен Эржан Алкайа сыяктуу окумуштуу-изилдөөчүлөр жалпы уюштуруучуларга, лекторго терең ыраазычылыктарын билдиришти. Муну менен бирге түркмөнстандык окумуштуулардын өз өлкөлөрүндө дагы бүгүнкүдөй түркмөн адабияты боюнча терең мазмундуу лекцияларды окуп берүүгө чакырышты.

Андан кийин модератор Фаризат Курамаева жеке ыраазычылыгын билдирип Мактумкули атындагы ТГУнун жалпы эмгек жамаатына жана студенттерине түркмөн тилинде Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгынын дүйнөлүк деңгээлде белгилөөгө жетишкен түркмөн элин куттуктап, ынтымак, өсүп өнүгүү каалап, мындай иш-чараларды өткөрүп туруу эки элдин ортосундагы боордоштук, достук мамилелердин чыңдалышына өбөлгө түзөрүн белгилеп, “Окууну” жыйынтыктады.

Кийинки “Окуу” 2024-жылдын 25-декабрына белгиленген. 

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы ф.и.к.,доц.

Добавить комментарий