2024-жылдын 29-октябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев биология факультети, химия жана химиялык технология факультети жана педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту жайгашкан №6-окуу имаратына барып, ал жердеги дарсканалар, лабораториялар менен таанышып, окутуучулар жана студенттер менен жолугушту.
Аталган түзүмдөрдө аткарылып жаткан иштер, окуу процессинин жүрүшү жана окуу имаратындагы айрым маселелер тууралуу ректорго биология факультетинин декканы Шафика Сулейманова, химия жана химиялык технология факультетинин деканынын м.а. Дилара Субанкулова жана педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова маалымат беришти.
Ректор ушул эле күнү аталган имаратта жайгашкан спорт залга барып, ал жердеги аяктап жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Кыдырууда ректорду чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов менен чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаев коштоп жүрүштү.
Белгилей кетсек, №6-окуу имаратындагы башка түзүмдөр менен ректор 2024-жылдын 3-октябрында таанышкан болчу.