2024-жылдын 29-30-октябрында КР Улуттук илимдер академиясынын 70-жылдыгына араналган салтанаттуу мааракеге мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Н. Ишекеев катышты.

29-октябрь Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР УИАнын салтанаттуу жыйыны болуп өттү. Ал эми, 30-октябрда КР Президентинин Резиденциясында “Туруктуу өнүгүү: илим, билим, коом” аттуу эл аралык окумуштуулар конгресси болду. Конгресске КР Жогорку кеңешинин төрайымы Исаева Д.К., КР Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Байсалов Э.Ж., Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Д.Ш., Россия, Казахстан, Монголия, Татарстан, Кытай, Франция, Беларусиянын окумуштуулары жана КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиктери,корр.-мүчөлөрү  катышышты.

(С) Рустамбек кызы Айкыз – мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректордун катчысы

Добавить комментарий