2024-жылдын 3-октябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев математика жана информатика институту, физика жана электроника; география, экология жана туризм; химия жана химиялык технология, биология факультеттери жайгашкан №6-окуу имаратына барып, ал жердеги дарсканалар, компьютердик класстар жана лабораториялар менен таанышып, окутуучулар жана студенттер менен жолугушту.
Аталган түзүмдөрдө аткарылып жаткан иштер, окуу процессинин жүрүшү жана окуу имаратындагы айрым маселелер тууралуу ректорго математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов, физика жана электроника факультетинин деканынын м.а. Гүлзат Исмаилова, география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскуль Токторова маалымат беришти.
Кыдырууда ректорду чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов менен чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаев коштоп жүрүштү.
Математика жана информатика институту
Физика жана электроника факультети
География, экология жана туризм факультети