2024-жылдын 23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында аба акробатикасы боюнча 27 өлкөнүн 600дон ашуун спортчулары катышкан дүйнө чемпионаты болуп өттү.
Аталган мелдеште социалдык-гуманитардык илимдер институнунун 2-курс студенти (ПСХ(б)-2-23 тайпасы) Гүлбара Болотова дүйнөлүк рекорд жаратып, 1-орунду ээледи жана аталган спорттун түрү боюнча Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу “Дүйнө чемпиону” наамына ээ болду.
Институт жамааты Гүлбараны, анын ата-энесин, машыктыруучусун жана окуткан агай-эжейлерин бул жеңиш менен чын жүрөктөн куттуктайт.
(С) Б.А.Малтабаров – мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча директордун орун басары, социол. и. к., доцент


