2023-жылдын 16-сентябрында Улуттук университетте Президент тарабынан жарыяланган “Улуттук тазалык күнүнүн” алкагында ишембилик өткөрүлдү. Окутуучулар менен студенттер факультет декандары жана түзүм жетекчилери менен биргеликте өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүшүп, 6А-окуу имараты менен лабораториялык имараттын айланасындагы, Пушкин көчөсү – Турусбеков көчөсү – Жибек-Жолу проспекти – Манас проспекти менен чектелген кварталдагы, о.э. автоунаа жолдордун жээктериндеги жалбырактар менен таштандыларды жыйнап, чыгарышты. Ал эми жатаканаларда жашаган студенттер имараттардын айланасын тазалашты.

Добавить комментарий