2023-жылдын 12-сентябрында ректораттын жыйындар залында Төлөбек Абдырахманов кесиптик колледждин жетекчилиги менен жолугушту. Колледждин директору Ардакбек Каныбек уулу ректорго 1-сентябрдан баштап иштеп жаткан экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Бектен Саадабек уулун, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Мирбек Мамбеталиевди, директордун окуу иштери боюнча орун басары Асель Калдиеваны, тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча орун басары Туйгунбек Касымалиевди жана менеджерлерди тааныштырган соң, Төлөбек Абдырахманов алардын ар бири менен кыскача пикир алышып, кесиптик колледждин жаӊы окуу жылына карата даярдыгы жана келечек пландары менен таанышты.

Добавить комментарий