2023-жылдын 19-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында ректор Төлөбек Абдырахманов Улуттук университеттин 1-курсунун активист студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынды тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Ынтымак Касмакунов алып барып, сөз кезегин ректорго берди.
Төлөбек Абдырахманов жолугушууга келген студенттерге ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду.
– Урматтуу биздин кадырлуу, сүйүктүү студенттер! Университеттин ректору катары силерди ушул жерге алып келген ата-энеӊерге, окуткан эже-агайыӊарга чоӊ ыраазычылык билдирем.
Жылына биз кабыл алган студенттерге анализ жасайбыз, келген балдарга жараша университеттин деӊгээлин, өнүгүү мүкүнчүлүгүн, өнүгүү динамикасын жана багыттарын аныктайбыз. Быйылкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинен биринчи орунга чыктык, ЖРТнын орточо баллы боюнча дагы алдыӊкы орундабыз.
Мыкты деген жогорку окуу жайлардын ичинен Улуттук университетти тандап, мыкты адис болом, элиме-жериме керегим тийген мыктылардын катарын толуктайбыз деген ой-максаттар менен келдиӊер. Эми биздин милдетибиз – силердин үмүтүӊөрдү актап, татыктуу билим, таалим-тарбия берип, ар бириӊердин катылып жаткан талантыӊарды ачуу.
Билимге жоопкерчиликтүү көз карашта карагыла, чыдамкай, чыйрак болгула, жарымыӊардан көбүӊөр кызыл диплом менен бүтүкүлө.
Биздин окуу жайда көптөгөн ийримдер, долбоорлор бар, ошолордун баардыгына катышсаӊар болот. Улуттук университетте силер билим эле албай, спорт, маданий жана коомдук иштерге активдүү катышып, ар тараптан өнүккөн инсан болуп чыгышыңар керек. Сунуштар, идеялар болсо, айткыла. Силер университеттин келечегисиӊер, мыкты студент, активист болосуӊар деген ишеничтебиз.
Ата-энеңердин, университеттин, өлкөнүн ишенимин актап, жакшы билим алгыла. Ийгилик каалайм!
Ректордун сөзүнөн кийин студенттик сенаттын төрагасы Күмүшбек Баатырбаев биринчи курс студенттерине университеттин сайты, социалдык баракчалары тууралуу маалымат берип, долбоорлор жана алардын жетекчилери менен тааныштырды.
Кыргыз-Европа факультетинин 4-курс студенти Азима Сейтканова Enactus долбоору тууралу студенттерге маалымат берип, аталган долбоорго кызыккандарды жана командага кошулууну каалагандарды 5-октябрь күнү саат 14:30да келип, толук маалымат алууга чакырды.
Факультет декандары жана институт директорлорунун атынан Бизнес жана менеджмент институтунун директору Меримкуль Керимкулова сөз сүйлөп, 22 факультет жана институттун атынан биричи курс студенттерин куттуктоо чоӊ сыймык экени билдирди. – Өзгөчө статус алган Улуттук университеттеги студенттик күндөрүӊөрдү эӊ жакшы элестер, билим алуу менен өткөргүлө жана жашоонун баардык тарабынан өнүгүп-өскүлө, – деди Меримкуль Керимкулова.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек Кыргызстандагы 70ке жакын окуу жайдын ичинен Улуттук университетти тандап келгендиктери үчүн биричи курс студенттерине ыраазычылык билдирип, өзгөчө статусу бар университеттин студенти болуу алар үчүн чоӊ сыймык экенин белгиледи. Андан ары ал өзү жетектеген департамент тууралуу кыскача маалымат берип, “Акыл-жаштан, асыл-таштан” дегендей эле биз сиздерден креативдүү ой жүгүртүүнү, жаӊы идеяларды күтөбүз. Ата-энеӊиздер ишеним артып жөнөттү, сиздерге ден-соолук берсин! Окууӊуздарга ийгилик, – деди.
Иш-чаранын соӊунда жогорку курстардын атынан юридикалык институттун студенттик сенатынын төрагасы, 2-курс студенти Элдияр Намазбеков окууга жаӊы кабыл алынган студенттерди куттуктады.