2024-жылдын 26-март күнү ректор Төлөбек Абдырахманов Россия Федерациясынын Сочи шаарындагы “Сириус” федералдык аймагында 2024-жылдын 1-7-март күндөрү болуп өткөн Дүйнөлүк жаштар фестивалына катышып келген Улуттук университеттин студенттерин кабыл алды.

Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Алмаз Кадыр уулу фестивалга катышып келген 13 студентти ректорго тааныштырып, алардын ичинен 8 студент фестивалдын дирекциясы тарабынан, калган 5 студент КУУ тарабынан каржыланганын, студенттердин баарына сертификат тапшырылганы тууралуу маалымат берди.

Студенттер фестивалда күн сайын маданий, спорттук, интеллектуалдык, искусство ж.б. багыттар боюнча иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн, белгилүү актерлор жана блогерлер жаштар менен жолугушуп, пикир алмашканын, КУУнун студенттери көбүнчө экономика менен дипломатияга байланышкан иш-чараларга, медиа жана реклама багытындагы талкууларга активдүү катышкандыгын, фестивалдын жабылыш аземине Россиянын президенти Владимир Путин, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Россиянын экс-президенти Дмитрий Медведев, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков катышкандыгын шыктануу менен айтып беришти.

Төлөбек Абдырахманов дүйнөлүк деңгээлдеги жаштар форумуна Улуттук университеттин атынан катышып келгендиги үчүн студенттерге ыраазычылык билдирип, сыйлыгы менен куттуктады жана жаштарга ушуну менен токтоп калбай, көп эмгек кылып, жаңы ийгиликтерге жетише бергиле деген каалоо-тилегин айтты.

Добавить комментарий