2024-жылдын 26-март күнү ректораттын жыйындар залында мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан жана инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова кызмат мөөнөтү аяктап, мекенине кайтып жаткан Кыргыз-Япон борборунун япон тараптан директору Ацуму Иваи мырза менен жолугушту.

Проректор Садык Алахан Ацуму Иваи мырза япон жана кыргыз элинин достук мамилесин чыӊдоого, маданият өкүлдөрүнүн бири-бири менен жакындашуусуна көпүрө болгонун белгилеп, университеттин жамааты, о.э. студенттер анын иштерине канааттанаарын айтып, жасаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Проректор Гүлбара Сыдыкова Ацуму Иваи мырзага стартаптар боюнча сынактарды уюштурууга көмөктөшүп, студенттерге багыт, шыктануу бергени үчүн ыраазычылык билдирип, бир катар пайдалуу иштерди аткарып кеткенин кошумчалады.

Ацуму Иваи мырза өз кезегинде Улуттук университет менен кызматташканына кубанычта экенин, болгон мүмкүнчүлүк, аракетин студенттердин Япониядан сапаттуу билим алып келишине жумшаганын, ал жактагы университеттер тууралуу толук маалымат берүүгө аракет кылганын,  ал үчүн атайын долбоорлор ишке ашырыганын жана академиялык мобилдүүлүк жолго коюлганын, Япониядан студенттер келип, Улуттук университетте билим алып жатышканын жана башка аткарган иштери тууралуу кыскача маалымат берип, иштеп жаткан мезгилинде меймандостук мамиле көрсөткөндүктөрү учүн ыраазычылыгын билдирип өттү.

Жолугушууга о.э. Кыргыз-Япон борборунун кыргыз тараптан директору Алмазбек Азимов катышты.

Эскерте кетсек, Ацуму Иваи мырза 2019-жылы Кыргыз-Япон адам өнүктүрүү борборунун тең-директору болуп дайындалган. Ал Япония менен Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташууга, мугалимдер жана студенттердин өз ара тажрыйба алмашуусуна зор салымын кошту. Буга чейин Ацуму Иваи мырзага ректор Төлөбек Абдырахманов тарабынан КУУнун Ардак грамотасы тапшырылып, КУУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен эл аралык кызматташууда көрсөткөн ишмердүүлүгү үчүн Ацуму Иваи мырза Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына” сунушталган.

Добавить комментарий