2024-жылдын 20-март күнү Улуттук университетте Нооруз майрамы масштабдуу белгиленди. Кесиптик бирлик комитети менен жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти биргеликте уюштурган салтанатту иш чаранын башында окуу жайдын жетекчилери КУУнун аймагына жаш көчөттөрдү отургузушту. Андан кийин, Умай эненин образындагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору Калыйкан Мамбетова “Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди! Айдан аман, жылдан эсен чыгалы!” деп аластап, арча түтөтүп, Нооруз майрамын ачып берди.

Андан кийин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал жаз – жашоонун жаӊы башаты, жаз менен кошо жаӊылануулар келээрин белгилеп, катышуучулардын баарына аманчылык жана токчулук кааалоо менен бирге, 2023-жылда Университетте бир катар жаӊылануулар, өзгөүүлөр болгонун билдирип, мындан ары да бардык аракеттер окуу жайыбыздын өсүп-өнүгүүсү үчүн жүргүзүүлөрүн баса белгиледи.

КУУнун жамаатын жаз майрамы менен о.э. кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттуктады.

Майрамдык салтанат ыр, бий, комуз күүлөрү, жана спорттук оюндар менен коштолуп, салтанатты көрүүгө келгендердин бүйүрүн кызытса, №7-жатакананын кыздары менен №5-жатакананын жигиттеринин Сармерден оюну көрүүчүлөрдүн жарпын жазды. Жыйынтыгында кыздар менен жигиттер теӊ чыгып, кесиптик бирлик комитети тарабынан беш миӊ сомдук байге менен сыйланышты.

Ырчылар Айбек Саралаев, Шатман  Садыбакасов, төкмө акын Асылбек Асанов жана жана “Маржан” тобу өнөрлөрүн тартуулап, майрамдын көркүн ачышты.

Кеченин жүрүшүндө улуттук оюндар ордо, аркан тартыш боюнча кызуу таймаш болду. Шахмат оюну да ойнотулду.

Аркан тартышта 5 тайпа күч сынашып, 1-орунду жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин балдары, 2-орунду 5-жатакана жана 3-орунду тарых жана чөлкөм таануу институту камсыздады.

Шахмат боюнча 1-орунду  физика жана электроника факультетинин деканы Токтогонов Самат,  2-орунду Турдумамбетов Максат жана 3-орунду 3-курс студенти Нурбекова ээледи.

Ал эми  ордо оюну боюнча 1-орунду факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын мугалимдер командасы ээлесе, 2-орунду КУУнун студенттеринин курама командасы алып, ал эми 3-орунду 6-имараттагы факультеттердин мугалимдери багындырып, командалар акчалай сыйлык менен сыйланды.

3 саатка созулган майрамдык салтанат ооз ачар маалда аяктап, университеттин атынан орозо кармаган коноктордун, студенттердин жана жалпы эле көруүчүлөргө сый тамак берилди. Алар даам сызышып, окуу жайдын жамаатына жакшы тилек жана ыраазычылыктарын айтышты.

Жыйынтыктап айтканда, бул жылкы Нооруз майрамы Улуттук университетте жогорку деӊгээлде белгиленип, келген ар бир адамдын көӊүлү көкөлөп, жакшы маанайда кайтышты.

Добавить комментарий