2024-жылдын 20-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясы изилдөө борбору “Түрк дүйнөсүндө Нооруз майрамынын каада-салттары” аттуу панел өткөрдү. 

Панелди Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор  Aлпаслан Джейландын куттуктоо сөзү менен баштады.  Аны коштоп, университеттин биринчи проректору, профессор Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна кыргыз тилинде куттуктоо сөзүн айтып, Нооруздун баалуулуктарын, анын улуттук каада-салттагы өзгөчөлүктөрүн белгилеп өттү.

Андан соң, панелдеги баяндамалардын модератору катары Түрк цивилизациясынын изилдөө борборунун жетекчиси  профессор Мехмет Ариф Өзербаш мырза алып барып, панелдин коноктору  жана баяндамаларга сөз берди.

Универеситеттин профессорлору Чагатай Акенгин “Нооруз жана исскуство”, Озан Йылмаз “Нооруз ыр саптарында”, Айтмамат Кариев “Нооруз дин жана кыргыз үрп-адатында”, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары, доцент Назгуль Турдубаева “Нооруз – түрк дүйнөсүндөгү жаңылануунун жарчысы катары” аттуу баяндамасы менен катышып келди. Баяндама жасагандарга сертификаттар тапшырылды. 26-мартта панелдин катышычууларын жана конокторду  Нооруздун салтында конокко чай берүү аземине ылайык  ооз ачууга ректор тарабынан чакыруу айтылды!

(С) Назгуль Турдубаева – илимий иштер боюнча декандын орун басары, доцент

Добавить комментарий