2024-жылдын 26-мартында “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Чолпонбек Сабырбеков журналистика жана коммуникация институтунун студенттери үчүн дата-журналистика боюнча мастер класс өттү.

Лектор заманбап журналистиканын тренди болуп жаткан дата-журналистиканын өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктарына басым жасады. Дата-материалдарды даярдоонун ыкмаларын көрсөтмөлүү экран аркылуу чечмелеп, кеңири түшүндүрүп бергендиги студенттердин кызыгуусун арттырып, баарлашуу суроо-жооп иретинде жандуу өткөндүгү менен айырмаланды.

Учурда ар түрдүү ЖМКларда  иштеп жаткан журналисттердин мындай сабактары болочоктогу кесип ээлеринин теориялык билимин практика жүзүндө бекемдөөгө жагымдуу шарт түзмөкчү.

(С) Ж.Сакыбаева – “Журналистика” окуу программасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий