2024-жылдын 19-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүндө Нооруз” аттуу майрамдык маданий иш-чара болуп өттү.

Жыйынга КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын экономика жана туризм боюнча Бишкектеги өкүлү Мехмет Давулжу, Казакстандын элчисинин басма сөз катчысы,  Өзбекстандын элчиси Мирзахидов Хуршид Мирсабирович, Түркмөнстандын элчиси Голлиев Нуры Гутлыевич, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, о.э. Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин, Кыргызстандагы элдердин ассамблеясынын, “Birlik”Азербайжан диаспорасынын, “Кыргызстандагы казак ассоцациясы” коомдук бирикмесинин, “Иттипак” уйгур коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, Түркмөнстандын Кыргызстанда билим алып жаткан жаштары, Өзбек улуттук маданий борбору, «Ахыска» түрк диаспорасынын коомдук бирикмеси, “Туган тел” татар-башкыр маданий борбору, университеттин декандары, кафедра башчылары жана студенттер катышты.

Жалпы катышуучулару улуттук кийимдери менен келишти.

Иш чараны КУУнун ректору ачып, келген элчилер куттуктоо сөздөрүн айтышты. Чет өлкөлүк университтеттерден Фырат университети, Хажы Байрам Вели университети, Кавказ университети, Дижле университтеи, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети, Ш.Рашидов атындагы Самаркант университети, Л.Гумилев атындагы Евразия университети университетибиздин жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктап изги тилектерин билдиришти.

Андан соң маданий программанын алкагында түрк тектүү элдердин улуттук кийимдердин дефилеси болду. Алар: кыргыз улуттук кийими, Анадолу жана Ахыска түрктөрүнүн улуттук кийимдери, азербайжан, казак, өзбек, түркмөн, уйгур, татар-башкыр улуттук кийимдери кезеги менен көрүүчүлөрдүн назарына коюлду.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин искусство факультетинин улук окутуучусу Ирфан Гүрдал кыл кыяктын коштоосунда Билге Каган, Деде Коркут, Жусуп Баласагындын чыгармаларын жандуу аткарып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.

Андан кийин Кыргыз улуттук университетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттери кыз-жигит Сармерден оюнунан үзүндү көрсөтүштү. Андан соң Кыргыз-Түрк “Манас” университети өзгөчөлөнгөн фольклордук бийи менен сахнадан орун алышты. Анан Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин студенттери “Жаз” аттуу бийи менен, азербайжан боордоштордон “Гавалы”, Азербайжан ыры менен, Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Карлыгаш Кожагазина “Саган Калкымай” ыры менен,  Уйгур боордоштордон “Лавлима жаным” бийи менен, Түркмөн жаштарынан Мактумкулынын “Түркменин” көркөмдөштүрүлгөн ыры менен, өзбек боордоштордон жагымдуу кыздар бийи менен, «Ахыска» түрк диаспорасынан улуттук аспак саздын коштоосунда ыры менен, татар-башкырлар “Гармон муңдары” ыры менен шаңга бөлөштү.

Программаны уюштурууда демөөрчүлүк көрсөткөндөр: Кудрет көз клиникасы жана ТТЕОМЕР түрк тилин үйрөтүү борбору.

Катышуучуларга майрамдык маанай менен кошо белектер да таратылды. Манас, Алас, Сармерден, ыр, күү, музыка, бий жана көркөм окуу менен коштолгон “Түрк дүйнөсүндө Нооруз” аттуу маданий  иш-чара жогорку деңгээлде өттү.

Бул иш-чараны уюштурууда түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова, аны менен бирге бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева жана бөлүмдүн магистранты Мустафа Арсланга терең ыраазычылык билдирүү менен бөлүмдүн жалпы жамааты жана студенттеринин зор салымын белгилеп кетүү абзел. Иш-чаранын жыйынтыгында алып баруучулар иш-чараны толук колдоого алган университетибиздин ректоруна, Түрк дүйнөсүнүн элчилерине жана Кыргызстандагы элдердин ассамблеясынын өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгын билдирип, бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп турууга ынтызарлыгын билдирип өтүштү. Элчилер менен эстеликке сүрөттөргө түшүлгөн соң, жылуу маанайда Жусуп Баласагындын эстелигинин алдында кайрадан жолугууну максат коюп коштоштук.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий